250 киши чакырып... Өзбекстанда коронавируска карабай той өткөрүшүүдө

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРабота ЗАГСов в Москве в период коронавируса
Работа ЗАГСов в Москве в период коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавируска кабылгандардын саны 6 216га жетти. Тилекке каршы, оору 19 кишинин өмүрүн алды.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Соңку убакта Өзбекстанда коронавирусту массалык түрдө жугузуп алгандар катталып жатканын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды. 

Бул жарандардын коопсуздук чараларын сактабастан көп кишинин катышуусунда той жана майрамдык кечелерди уюштуруп жаткандыгына байланыштуу экендиги айтылат.

Города мира. Ашхабад - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстан: COVID чек араны жапкандан эмес, медицинаны өнүктүргөндөн кирген жок
Жакында эле Сурхандарья облусунда 250 кишинин катышуусунда үлпөт той өтүп, эртеси коноктордун бардыгы карантинге алынган.

Ошондой эле ташкенттик аял төрт күндүн ичинде эки баласын үйлөгөнгө жетишкен. Эреже сакталбай, бир келини жана тойго келген 12 адам коронавирус жуктуруп алган. Ошондой эле бейтаптар менен байланышта болгон ондогон киши тест тапшырып, обсервацияга жаткырылган. Бул боюнча дагы эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатканы айтылат.

Соңку маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавируска кабылгандардын саны 6216га жетти. Тилекке каршы, оору 19 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0