Нур-Султан: COVID менен ооругандардын 92%ында пневмония аныкталган

© Sputnik / Медиабанкка өтүүГородская клиническая инфекционная больница в Казахстане
Городская клиническая инфекционная больница в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын борборунда пневмония менен кайрылгандардын саны 7,5 пайызга өстү. Суткасына 600 чакыруу (мурда 80 болчу) түшүп, элден оору аныкталып жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Нур-Султанда коронавируска кабылган бейтаптардын 92 пайызында пневмония аныкталганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Ага ылайык, калаада пневмония менен кайрылгандардын саны 7,5 пайызга өскөн. Суткасына 600 чакыруу (мурда 80 болчу) түшүп, элден оору аныкталып жатат.

Коронавирустан тышкары сасык тумоо тарап жатабы? Пульмонологдун жообу

"Күн сайын 350-400 киши коронавирус жана пневмония менен стационарга жаткырылып жатат. Жугуштуу жана убактылуу ооруканаларда дарыланып жаткан адамдардын саны 2,5 миңге чейин көбөйдү. Алардын 91 пайызы — орто жана орточо оор абалда, 9 пайызы — оор жана өтө оор балда. Бир жуманын ичинде эле бейтаптардын саны үч эсе көбөйдү", — деген Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисикова.

Казакстанда ушул жылдын биринчи кварталында сасык тумоодон, пневмониядан жана курч респиратордук вирустук инфекциялардан 1 008 адам көз жумса, 2019-жылы 1 111 адам каза тапкан.

Белгилей кетсек, 22-июнда Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония менен ооруган адамдардын саны эки эсеге көбөйгөнүн билдирген. Бүгүн анын орун басары Мадамин Каратаев пневмонияга чалдыккандар үчүн орун даярдалганын айтып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0