Медициналык кызматкерлер лабораторияда кан үлгүлөрдү изилдеп жатышат. Архив

Япония: адамдын оорусунун өрчүп кетер-кетпесин аныктаган ыкма табылды

164
(жаңыланган 15:17 29.06.2020)
Окумуштуу илимий жаңы ачылыш адамдарга өзүнүн оорусун алдын ала билип, жашоо образын өзгөртүүгө жардам берерин айткан.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Япониялык окумуштуулардын тобу 20 оорунун андан ары өрчүп кетүү ыктымалдыгын так аныктап бере турчу ыкманы иштеп чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анда акыркы үч жылдагы жашоо эске алынып, тизменин башына диабет же деменция (акыл-эстин начарлашы) илдеттери чыккан.

Киодо агенттиги Киото жана Хиросаки университеттеринин окумуштуулары жасалма интеллектинин жардамы менен адамды 20 категория боюнча иликтеп чыга турган медициналык көрсөткүчтөрдүн анализдеринин системасын түзүп чыгышкан.

Бул ыкмада кишинин абалы, генетикасы кандай болгону жана иликтеп жаткан адамдын кандай терс адаттары бар экендиги да эске алынат.

Системанын диабет же деменциядан сырткары артериосклероз, гипертония, бөйрөктүн өнөкөт оорулары, толуп кетүү, остеопороз жана жүрөк ооруларынын андан ары кандай өнүгө тургандыгын айтып бере алары маалымдалган.

Кант диабетинин алгачкы белгиси айтылды

Окумуштуулар мындай маанилүү ачылышты 20 миң адамдын иликтенген маалыматтарына таянып жасап чыгышкан. Хиросаки университети Япониянын түндүк тарабындагы Аомори префектурасында 2005-жылдан бери өз каалоосу менен келгендерге медициналык жактан күбөлөндүрүү иштерин жасап келет.

"Биз адамда үч жыл ичинде кайсы ооруларынын өнүгүү ыктымалдыгы бар экендигин алдын ала так айтып бере алганга жеттик", — деген профессор Ясуси Окуно.

Окумуштуу мындай ыкма адамдардын оорусун алдын ала билип, тиешелүү чараларды көрүп жана жашоо образын өзгөртүүгө жардам берерин айткан.

164
Белгилер:
иликтөө, диабет, окумуштуулар, оору, Япония
Тема боюнча
Жакыным көз алдымда үзүлүп, колумдан эч нерсе келбей калган. Дарыгердин баяны
Муратов: жылдан-жылга кант диабетине чалдыккан балдар көбөйүүдө
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

2
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

2
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат
Эркеч-Там көзөмөл жүргүзүү бекети. Архивдик сүрөт

14-июнда "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери иштебейт

44
(жаңыланган 10:58 11.06.2021)
Учурда аталган пунктулар өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл жүргүзүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн 14-июнь күнү жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Кытайда "Ажыдаарлар кайыгы фестивалы (күрүч майрамы)" белгиленет.

Аталган чек ара пунктулары кайра эле 15-июнь күнү ишин жандантат.

Эске салсак, учурда "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл жүргүзүү бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы, бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга алып келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.

44
Белгилер:
чектөө, майрам, чек ара, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга кирүүнүн эрежеси. Кандай документтер талап кылынат?