Бир күндө үч той өткөрүп, 79 кишини ооруткан үй-бүлө. Өзбекстандагы окуя

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЦыганская свадьба
Цыганская свадьба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри той-аштар элдин арасында коронавирустун таралышын шарттап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Юнусубад районунда бир күндө үч той өткөргөн үй-бүлө 79 адамдын коронавирус менен ооруп калышына себепкер болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов бул туурасында жергиликтүү телеканалга айтып берген. Ал той-аштар элдин арасында коронавирустун таралышын шарттап жаткандыгын белгилеген.

Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди

"110 жаран үйлөнүү тойго барып COVID-19га кабылган. Юнусубад районундагы бир үй-бүлө 30 адамды гана чогултуп той берүү болот деген талапты сактайм деп бир күндө үч ирет той кылган. Анын кесепетинен 79 адам дал ошол жерден коронавирус жуктуруп алган", — деген Шадманов.

Өзбекстанда коронавируска кабылгандардын саны 8-июлга карата 10 587 адамга жетти. Алардын ичинен 6 690у айыгып чыкса, тилекке каршы, 40 адам каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0