Өзбекстанда 10-июлдан баштап катаал карантин киргизилет

© REUTERS / MUKHAMMADSHARIF MAMATKULOVТашкентте өзбекстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери айдоочулардын документтерин текшерип жатышат. Архив
Ташкентте өзбекстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери айдоочулардын документтерин текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чектөөлөр өлкөдө коронавирустун күчөп кеткендигинен жана адам өлүмүнүн көп катталгандыгынан улам кабыл алынган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өзбекстан 10-июлдан 1-августка чейин үч жумага толук карантинге жабыларын Sputnik Өзбекстан билдирди.

Республикада эл жашаган конуштарда жана аймактар аралык бардык транспорттун кыймылына чектөө киргизилет.

Коомдук жана көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурууга, муну менен катар эл чогултуп үйлөнүү той, туулган күн жана башка мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Курагы 65 жаштан өткөн улгайган адамдарга коомдук жайларга келүүгө болбойт.

Бишкектеги бир катар соода борборлору карантинге жабылууда. Тизме

Эс алуу жайлары, азык-түлүк сатпаган базарлар жана дүкөндөр, спорт залдар, тамактануучу объектилер, пляждар жабылат.

Чет өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга карап эл аралык каттамдарга да чектөө киргизилет.

Мындай кадамдар Өзбекстандагы коронавирустун күчөп кеткендигинен жана адам өлүмүнүн көп катталгандыгынан улам жасалууда.

Өлкөдө эпидемия башталгандан бери COVID-19 инфекциясын жуктурган 11 000 учур катталып, анын 7000ден ашыгы сакайып чыккан. Ал эми 45 адам каза болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0