Өзбекстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетти

© AP Photo / Hani MohammedСитуация в Йемене из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Йемене из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку беш күндүн ичинде 2000дей жаңы учур катталып, кечээ оору жуктургандар антирекорддук көрсөткүчкө жеткен. Күнүнө 3-4 бейтап каза болууда.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өзбекстанда соңку күндөрү коронавирус жуктургандардын саны тездик менен өсүп, оорудан өлгөндөр дагы көп катталууда.

Өзбекстандын Республикалык штабынын маалыматына караганда, кечээ 486 адамдан COVID-19 аныкталып, антирекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Жекшембидеги статистика боюнча, коңшу өлкөдө 12 706 адамга вирус жукканы белгилүү болду. Ал эми 58 адам каза болгону айтылат. Оорудан айыккандар тууралуу бүгүн маалымат айтыла элек, кечээ 7 723 адам сакайганы жазылган.

Бир күндө үч той өткөрүп, 79 кишини ооруткан үй-бүлө. Өзбекстандагы окуя

Азия өлкөлөрүнүн ичинде Өзбекстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу сакталып турган. Бирок соңку күндөрү жаңы учурлар көп каттала баштады.

Алсак, 7-июлга чейин COVID-19га кабылган өзбекстандыктардын саны 10 587 адамды түзүп, 6 690 бейтап сакайып чыккан. Анын арасынан 40 адам каза тапкан.

Өзбек бийлиги Кыргызстандагыдай пневмония боюнча өзүнчө маалымат бербейт.

COVID менен пневмония бир күндө 48 кыргызстандыктын өмүрүн алды

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 10-июлдан 1-августка чейин катаал карантин киргизилген. Ага ылайык. кийинки жумадан тарта дем алыш күндөрү автотранспорттун бардык түрүнө жүрүүгө тыюу салынды. Чартарачкана, сулуулук салондору жабылып, ички аба каттамдары, темир жол каттамдары токтотулду. Ал эми 65 жаштан жогорку курактагыларга үйдөн чыкпоо сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0