Казак өкмөтү COVID, пневмониядан айыктырчу дарыларды учак менен алдырды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОткрытие фармацевтического завода компании "Эвалар" в Бийске
Открытие фармацевтического завода компании Эвалар в Бийске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аябай муктаж болуп жаткан гепарин, клексан сыяктуу 350 аталыштагы дары-дармек Нур-Султанга келип түштү.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети атайын учак менен COVID-19 жана пневмониядан дарылоодо колдонулган 600 миң таңгак дары-дармек алып келди. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Аталган жүк бүгүн Нур-Султанга келип түшкөн. Анда өлкөдө тартыш болуп жаткан 350 аталыштагы препарат бар экени айтылат. Алар: ксарелто, цефтриаксонк, клексан, азитромицин, дексаметазон, метилпреднизолон, ибупрофен, нимесулид", кардиомагнил, левофлоксацин, метронидазол, гепарин, парацетамол, офлоксацин жана башкалар.

"Сураган акчаңызды берем". Бишкекте дары издемей эмнеге азапка айланды?

"Бул препараттар эртеңден тарта дарыканаларга жекириле баштайт. Мындан сырткары, жүк ташуучу автоунаалар менен дагы дары-дармектер келе жатат. Медикаменттер менен үзгүлтүксүз камсыздап туруу иштери улантылат", — деп билдирген Нур-Султандын акимчилиги.

Ошондой эле кайсы дарыканада кандай дары бар экенин онлайн көрсөтүп турган covid19.astana.kz/ru портал ачылганы айтылат.

Казак өкмөтү жакында дагы өпкөнү жасалма дем алдыруучу 200 аппарат, 500 флоуметр, 500 кычкылтек концентратор жана компьютердик томографиянын эки комплектин ала турганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0