Полиция кызматкери. Архив

Алматы: полиция педофилияга шектелген кишинин артынан 13-кабаттан секирип кетти

607
(жаңыланган 21:38 19.07.2020)
Ыкчам топ кыз зордуктоого шектелген кишинин жашынып жүргөн жерин таап, анын үйүнө полиция сантехник болуп кирген. Окуянын соңунда кызматкер аман калып, кылмышкерди колго түшүргөн.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Алматыда полиция кызматкери Бакытжан Бакиров педофилияга шектелген кишинин артынан 13-кабаттан секирип кеткенин Sputnik Казакстан Polisia.kz сайтына шилтеме берип билдирди.

Кылмыш 11-июлда болгон. Белгисиз адам төрт жашар бала менен анын 15 жаштагы эжесинин үйүнө кирип барган. Полициянын айтымында, киши кызды зордуктап, 17 000 долларды уурдап кеткен.

Ыкчам топ ал кишинин жашынып жүргөн жерин таап, үйүнө Бакиров сантехник болуп кирген.

Арыдан бери болгула. Интернетке бала-чаканын сүрөтүн жарыялоонун кесепети

"Батирди ижарага берген аял кесиптешим экөөбүзгө 13-кабатка чыкканга жардам берди. Анда запас ачкычтар бар эле. Ал тиги кишини чакырып, түтүктөн суу аккандыктан сантехниктер келгенин айтты. Шектүү коридорго чыкканда эле кармаганга аракет кылдым. Ал бөлмөлөрдүн бирине чуркап кирип, ачык терезеден секирип кетти. Мындай убакта эч нерсе оюңа келбей калат, башкысы жетип, кармоо керек. Ошентип мен анын артынан секирдим ", — деди Бакиров.

Астыда терасса болгон, бирок полиция аны деле билген эмес.

"Биз ал жакка түшкөндө, шектүү дагы чуркап, кийинки тепкичке секирип түшүүгө аракет кылды. Бирок мен аны жерге кулатып, кошумча жардам келгенге чейин кармадым. Ошондо гана бутумдун сынганын билдим. Эки кабат ылдый түшкөндө таман, согончокторум жабыркаптыр", — деди укук коргоо кызматкери.

Бакытжан Бакировдун эки кызы жана төрт уулу бар.

"Балдарым менин байлыгым. Шектүүнү кармоого барганда аны эмне болсо дагы колго түшүрүшүм керек деп ойлодум... Бутума үч ирет операция жасалды. Дарыгерлер дагы деле кылмышкерлердин артынан чуркай аларымды айтышты", — деп тамашалаган кызматкер.

Алматы: мас айдоочу блокпостту сүзүп, ошол жердеги эки полиция көз жумду. Сүрөт

Ички иштер министринин буйругу менен милициянын майору жана анын шериги "Укук, тартипти камсыздоого кошкон салымы үчүн" медалдары менен сыйланышкан.

Тергөө Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" жана "Тоноо" беренеси боюнча жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан шектүү 40 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

607
Белгилер:
кармоо, педофил, шектүү, полиция, Казакстан
Тема боюнча
Бишкекте акча алмаштыруу жайын тоноого шектелип "актер" кармалды. Фото
Казакстанга кычкылтек концентратору менен дары ташып бараткандар кармалды

Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео

172
(жаңыланган 16:09 01.03.2021)
Казакстандык "Окжетпес" жана украиналык "Верес" футбол клубдарынын беттеши массалык мушташтан улам токтотулду.

Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.

Оюн достук маанайда башталып, казакстандыктар эсепти ачкан. Биринчи бөлүктүн 29-мүнөтүндө украиналыктардын коргоочусу Дмитрий Немчанинов орой ойноп, казакстандык оюнчу ага каршы атырылган. Чырды токтотуунун ордуна алмашууда турган оюнчулар, машыктыруучулар штабы оюн талаасына чуркап чыгып, мушташа кетишкен.

Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.

Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.

"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.

Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.

172
Белгилер:
мушташ, беттешүү, Түркия, Украина, Казакстан, футбол
Тема боюнча
Бразилия чемпионатынын финалында футболчулар массалык мушташ чыгарышты. Видео
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казинформ агенттигине берген маек учурунда

Жапаров: бала кезде Брежневдей болом деп кыялданчумун

72
(жаңыланган 16:06 01.03.2021)
Мамлекет башчы мурдатан эле президент болуу максаты бар экенин, бирок качан ишке ашарын билбегенин ачык айткан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бала кезде СССРдин башчысы Леонид Брежневдей болууну кыялдангам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Сөз башында эле журналист мамлекет жетекчисинен "жарым жыл мурун кыргыз элин башкарам деп ойлодуңуз беле?" деген суроо узаткан.

"Жарым жыл мурун эле эмес, эгер чынын айтсам, ата-энем КПССтин съездин көрөт эле. Бир тууган эжем Жогорку Кеңешке депутат болчу, КПССтин съезди болгон сайын Москвага кетчү. 4-5-класста болсо керек, мен дагы ата-энеме кошулуп кызыгып телевизор көрөр элем. Брежнев сүйлөп жатса, мен дагы Брежневдей болом дечүмүн. Ичимде ушундай кыялым болгон", — деп жооп берди ал.

Ошондой эле ал мурдатан эле президент болуу максаты бар экенин, бирок качан ишке ашарын билбегенин кошумчалаган. Мындан тышкары, кан төгүүгө жол бербей, тынчтыкты сактап калганына сүйүнөрүн билдирген.

72
Белгилер:
Леонид Брежнев, кыял, президент, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Кытай, Түркияга иш сапар менен барат
Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

0
(жаңыланган 18:20 01.03.2021)
Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.

"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.

Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.

Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.

0
Белгилер:
Нурмухаммед Ташмаматов, видео, өнөр, теннис, рекорд, жеткинчек, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео