Күзгө жетип деле калды. Өзбекстанда карантин мөөнөтү дагы узарды

© REUTERS / MUKHAMMADSHARIF MAMATKULOVСитуация в Узбекистане по случаю коронавируса
Ситуация в Узбекистане по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штабдын маалыматына караганда, той-аштарды өткөрүүгө мурдагыдай  эле тыюу салынат, бет капты милдеттүү түрдө кийип жүрүү керек. Жарандардын бири-биринен обочо болуу тартиби күчүндө.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өзбекстан бийлиги COVID-19дан улам карантин мөөнөтүн дагы жылдырды, тагыраагы, аны 15-августка чейин узартты. Бул туурасында РИА Новости Өзбекстандын Ыкчам штабынын билдиргенине таянып кабарлады.

Өзбекстанда 15-мартта коронавирус жуктуруп алган биринчи киши аныкталган. Бул күнгө чейин вируска кабылган 20 266 адам катталса, анын ичинен 112си каза тапты. Ал эми 10 831 жаран айыгып кеткен.

250 киши чакырып... Өзбекстанда коронавируска карабай той өткөрүшүүдө.

"Мурда 1-августка чейинки салынган карантин чектөөлөрү 15-августка чейин улантылды", - деп айтылат аталган штабдын Telegram каналында.

Бейшемби күнү президент Шавкат Мирзиёев COVID-19 боюнча кырдаалды мурдагыдай эле өтө олуттуу деп атап, республикалык атайын комиссиянын карантинди узартуу сунушуна макул болгон.

Штабдын маалыматына караганда, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат, бет капты милдеттүү түрдө кийип жүрүү керек. Жарандардын бири-биринен обочо болуу тартиби күчүндө.

"Вирустун улгайгандар менен кант диабетинен жапа чеккендерге кооптуулугу күч экендигин эске алсак, 65 жаштан жогорку курактагылар обочолонуу тартибин карамашы керек", - деп кошумчалашкан штабдан.

Андан сырткары, транспортто, соода жайларында, кызмат көрсөтүү жана эс алуучу жерлерде чектөөлөр киргизилген.

Дүйнөдө COVID жуктургандардын саны 16 миллиондон ашты

Эске салсак, Өзбекстан 10-июлдан 1-августка чейин, үч жумага карантин жарыялаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0