Казакстанда карантиндик чаралар 3-августтан тарта жумшара баштайт

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАлматыдагы темир жол станциясынын кызматкерлери иш учурунда. Архив
Алматыдагы темир жол станциясынын кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдө августтун башынан тарта ишкерликтин айрым түрлөрү, коомдук транспорт менен бала бакчалардын ишке кириши күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой бир катар эрежелерди сактоо менен карантиндик чектөөлөрдү 3-августтан тарта жеңилдетүү каралып жатканын билдирди. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Цойдун билдиришинче, жарандар санитардык жана дезинфекциялык режимдерди сактоо менен маска кийип, социалдык аралыкты сактоону уланынтышы керек.

"Ушул жылдын 3-августунан тартып инфекциянын жайылуусу басаңдап, өлгөндөрдүн саны төмөндөсө жана ооруканаларда бош орундар 70 пайызга жетсе, айрым инфраструктуралык объектилердин иштешине уруксат берилет. Ошондой эле коомдук транспорт менен бала бакчалар ишин улантышы мүмкүн. Бирок эки жакта тең адамдардын саны чектелүү болушу шарт", — деген Цой өкмөттүн жыйынында.

Казакстан: өпкөсү 100% жабыркап айыккан бейтап медиктерге ыраазы болду

Казакстанда 28-июлга карата коронавирустун 84 648 учуру катталды. Анын 54 404ү ооруканадан айыгып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0