Медициналык кызматкер вакцина менен шприцти даярдап жатат. Архив

Казакстанда алгачкы жолу коронавируска каршы вакцина сайылды

422
(жаңыланган 14:45 01.08.2020)
Казакстандык киши Австралияда иштелип чыккан COVAX-19 вакцинасын колдонгон. Бул препарат учурда клиникалык сыноонун биринчи баскычынан өтүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Казакстандын улуттук агрардык университетине караштуу Эл аралык вакцинология борборунун адистери өлкөдө биринчи жолу коронавируска каршы эмдөө жүргүзүштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Австралияда иштелип чыккан COVAX-19 аталышындагы вакцина жогорудагы борбордун жетекчиси Кайсар Табыновго сайылган.

Казакстанда карантин режими дагы эки жумага узартылды

"Жакында эле ден соолугумду тыкыр текшерүүдөн өткөргөндөн кийин COVAX-19 препараты менен эмдөө кылдырдым. Учурда өзүмдү жакшы сезип жатам, терс реакция болгон жок", — деген ал.

Табыновдун айтымында, учурда вакцина клиникалык сыноонун биринчи баскычынан өтүп жатат. Үч айдан кийин тестирлөөнүн экинчи жана үчүнчү этабы болот, ага он мамлекеттен 30 миңден 100 миңге чейин ыктыярчы катышары күтүлүп жатат.

Ошол эле учурда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги Эл аралык вакцинология борборунан COVAX-19 препаратын клиникалык изилдөөдөн өткөрүү үчүн эч кандай билдирүү түшпөгөнүн билдирген.

422
Белгилер:
коронавирус, вакцина, эмдөө, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (945)
Тема боюнча
Казакстан: өпкөсү 100% жабыркап айыккан бейтап медиктерге ыраазы болду
Алмата шаарында коронавируска текшерүүчү пункт

COVID азайдыбы? Борбор Азия жана дүйнөдөгү абал

481
(жаңыланган 19:39 02.08.2020)
Коронавирус жуктуруп алгандар жана каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Улуу Британияда ооруга чалдыккандардын саны аз болгону менен адам өлүмү боюнча үчүнчү сапка чыкты.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар жана каза болгондордун саны азайганы байкалууда. Мындан улам Борбор Азия жана дүйнөдөгү абалга көз чаптырып көрүүнү чечтик.

Кыргызстанда акыркы суткада пневмонияны эске алганда COVID-19 жугузган 420 жаңы учур катталганын коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады. Эпидемия башталгандан бери 36 719 киши бул дартка чалдыккан.

Сутка ичинде пневмонияны кошкондо коронавирустан 12 киши каза болду. Бир сутка мурда Саламаттык сактоо министрлиги 19 адам өлүмү катталганын айткан. Бул динамика төмөндөп жатканынан кабар берет. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 409 киши көз жумду.

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

Казакстанда

Кошуна өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан шаарында коронавируска чалдыгып Тез жардам чакыргандардын саны сутка ичинде он эсе, тагыраагы, 3 миңден 1000ге чейин азайган. Анын ичинде коронавирус боюнча чакыруулардын азайышы 10 эсени, пневмония боюнча беш эсени түзгөн. Дегеним Казакстанда 1-августтан тарта коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы эки башка чыгарууда. Мурдараак пневмонияга кабылгандардын саны 234 миң деп айтылган.

Сутка ичинде 1 226 кишиден коронавирус чыкса, 5 181 киши пневмония менен ооруп катталган. 36 киши каза болуп, пневмония 30 адамдын өмүрүн алган.

Салыштырып алганда 3-июлда өлкөдө 1 414 киши коронавируска кабылганы аныкталган. Анын ичинен 787синде оорунун симптомдору байкалса, 627 киши илдетти симптомсуз алып жүрүүчү болуп чыккан. Мында оорунун азаюу динамикасы байкалат.

Жалпысынан өлкөдө 87 664 COVID-19 учуру катталып, 57 815 киши илдеттен сакайган. Ал эми 793 киши жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Өзбекстан

Өзбекстанда акыркы суткада 560 учур катталган. Бир сутка мурда 506 болгон. Бул жерде өсүү динамика бар. Жалпысынан 24 569 жаран ооруну жуктуруп, 14 916 бейтап сакайган. 9 508 сыркоо дарыланып жатса, 145 адам каза болгон.

Тыным албай көзөмөлдөгүлө. ДССУ эксперттери пандемия дагы көпкө созуларын айтты

Тажикстан

Тажикстанда акыркы суткада 42 кишиден коронавирус аныкталган. Жалпы чалдыккандардын саны 7 451ге жеткен. Адам өлүмү катталган эмес. Бул көрсөткүч 27-июлдан бери уланып келет. Тажикстанда жалпысынан 60 адам илдеттен каза болгон. 6 233 сыркоо сакайган, бул ооругандардын жалпы санынын 83,6 пайызын түзөт. Бир сутка мурда 44 бейтап жуктурганы айтылган, июль айына карата маалымат боюнча, сутка ичинде жугузгандардын саны 72ден ашкан эмес. Соңку аптада бул көрсөткүч 38-45тин тегерегинде туруктуу сакталууда.

Дүйнөдөгү абал

Жон Хопкинс университетинин изилдөөлөрүнө ылайык, коронавирус илдети көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында 4 миллион 620,5 миң киши ооруп калган АКШ турат. Экинчи орунда турган Бразилияда 2 миллион 708 миң киши жуктурган. Адам өлүмү боюнча да бул эки мамлекет алдыда. АКШда коронавирустан 154 миң 449 бейтап каза болгон. Бразилияда бул илдет 93 миң 563 адамдын өмүрүн алган.

Оору жуктургандардын саны боюнча Индия үчүнчү орунга чыккан. Илдетке чалдыккандар 1 миллион 751 миңге жеткен. Андан кийинки сапта 843 миң 890 учур катталган Россия турат.

481
Белгилер:
Борбордук Азия, абал, Дүйнө, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (945)
Тема боюнча
Индияда арактын ордуна антисептик ичип алган 13 киши каза болду
Кардиолог COVID-19дан айыккандан кийин иче турган витаминдерди атады
Россияда коронавируска каршы вакцина акысыз болору айтылды
Лаборатория кызматкери. Архив

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

166
(жаңыланган 14:25 02.08.2020)
Адистин айтымында, бул вакцина түзүлүшү жагынан татаалыраак, гендик жактан модификацияланган, бирок ден соолукка коопсуз.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Казакстандын коронавируска каршы экинчи вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда (ДССУ) каттоого алынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илим-изилдөө институтунун генералдык директору Күнсулу Закарьянын айтымында, бул вакцина түзүлүшү жагынан татаалыраак, гендик жактан модификацияланган, бирок ден соолукка коопсуз.

"Вирустун белокторунун кайсы бир бөлүгү алынып, анын негизинде вакцина жасалат. Бул заманбап ыкма. Документтерди тууралоого көп убакыт кетет. Учурда биздин вакцинаны ДССУ өз лабораторияларында текшерип жатат”, — деди адис.

Вакцина ДССУда талапкер катары катталды. Бул жаныбарлардын организминде текшерип көрсө болот дегенди түшүндүрөт. Жыйынтыгы жакшы чыкса клиникалык, тагыраагы, адамдарда сыноого болот.

Россияда коронавируска каршы вакцина акысыз болору айтылды

Маалыматка караганда, Казакстандын буга чейинки вакцинасы жаныбарларга сыналып бүттү.

"Эгер экспертизанын жыйынтыгы жакшы чыкса, саламаттык сактоо министрлигине документтерди жөнөтөбүз. Андан кийин гана препаратты кишилерге сыноого өтөбүз”, — деди Закарья.

Эске салсак, ушул тапта Россия коронавируска каршы вакцинаны даярдап бүттү.

166
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (945)
Тема боюнча
АКШ коронавируска каршы вакцинанын баасы кандай болорун айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасында

"Колдоо керек". Чолпонаталык дарыгерлер Жээнбековго даттанды. Сүрөт

60
(жаңыланган 16:43 04.08.2020)
Дарыгерлер президент менен жолугушууда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин айтышты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын оңдоп-түзөө иштерин көрүп жатканда айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
    Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 7
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Көмүскө экономикадан мыйзамдаштырылган каражаттар дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатууга багытталат
"Аталган оорукана 1986-жылы курулгандан тартып жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратына капиталдык реконструкция жүргүзүлгөн эмес. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө имараттын 15 орундуу бир канаты гана иштейт. Оңдолгондон кийин 100 орунга чейин кеңейтилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков медицина кызматкерлери менен баарлашып, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөр гана эмес, саламаттык сактоо тутумундагы көйгөйлөрдү дагы кеңири талкуулады. Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү

Медиктер өлкө жетекчилигинин ооруканаларды куруу боюнча демилгесин колдоого алып, ошол эле маалда кадрлардын жетишсиздигин, жаңы кызматкерлерди материалдык жана моралдык жактан колдобой туруп, аларды саламаттык сактоо тутумунда кармап калуу мүмкүн эместигин баса белгилешти.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков сегодня, 4 августа, осмотрел ход капитальной реконструкции инфекционного отделения Иссык-Кульской территориальной районной больницы, расположенной в г. Чолпон-Ата.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасы медицина кызматкерлери

Мамлекет башчы дарыгерлердин пикирине кошулуп, коронавирус инфекциясы көп жылдан берки начар башкаруунун жыйынтыгын, бардык көйгөйлүү жерлерин ачыкка чыгарганын кошумчалады.

Министрлик: Ысык-Көлгө эл агылган сайын вирус күч алууда

Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун айтты.

"Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат. Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин оюмда", — деди президент.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев аймакта эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын билдирди.

Анын айтымында, медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү.

60
Белгилер:
айлык-акы, оорукана, дарыгер, медицина, Сооронбай Жээнбеков, Ысык-Көл
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Көлдө көбүрөөк. Өткөн суткада 25 медиктен COVID табылды