Аскер блокпостто турган учурда. Архив

Куш тумоосунан улам Казакстан Россия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү

323
(жаңыланган 11:39 05.08.2020)
Жакынкы күндөрү Челябинскиде куш тумоосу вирусунун генетикалык материалдары табылган. Тобокел аймактардын бири деп Казакстандын түндүк-батышы эсептелген.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Казакстан кошуна Челябинск облусунда куш тумоосунун очогу табылгандыгына байланыштуу Россия менен чектешкен жерине көзөмөл жасап, чектөө киргизди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин ветеринардык көзөмөл комитети Челябинск облусунан тирүү канаттууларды, алардын жумурткаларын, этин, жүнүн жана канатын ташып келүүгө жана транзитке убактылуу тыюу салган.

"Ошондой эле үй канатуусунун ысык буу менен иштетүүдөн өткөрүлбөгөн, жүнү-канаты алынбаган (таксидермиялык иштетүү) башка азыктарын ташып келгенге болбойт. Жадагалса алар камалып турган жабдыктар, андан кийин союп, кескен шаймандар алып келинбесин", — деген министрлик.

Учурда чек ара аймактарындагы кырдаал региондордун ветеринардык кызматтары тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.

3-4-август күндөрү Челябинскинин Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы куш тумоосу вирусунун генетикалык материалдары табылганын кабарлаган. Анын бардык үлгүсүндө H5N8 тумоосуна окшош вирус аныкталган. Тобокел аймактардын бири деп Казакстандын түндүк-батышы эсептелген.

ДССУ Кытай менен коронавирустун келип чыгышын иликтөөнү макулдашты

Маалыматта куш тумоосу канаттуунун бардык түрүнө жугуп, алардын массалык түрдө кырылышына алып келери айтылат. Ошондой эле адамдын организмине да кедергисин тийгизет.

323
Белгилер:
чектөө, чек ара, куш тумоосу, Казакстан, Россия
Тема боюнча
Тыным албай көзөмөлдөгүлө. ДССУ эксперттери пандемия дагы көпкө созуларын айтты
Коргоочу костюм кийген медицина кызматкери. Архив

Куш тумоо эпидемиясы Кыргызстандын чек арасына жакындап келе жатат

269
Маалыматка караганда, Казактандын Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын түндүгүндө чыккан куш тумоо эпидемиясы өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен аймагына чейин жетип келди.

Эске салсак, Казакстанда куш тумоосу 9-сентябрь күнү расмий катталган. Өлкө бийлиги бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна маалымат берип, айрым айылдар карантинге жабылган.

Sputnik Казакстан агенттигини жазганына караганда, өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен Жамбыл облусунан 238 канаттуу өлдү (алтоо акыркы суткада).

Романов: канаттуулар тумоосу келгин куштар аркылуу жугат

"Акыркы учурда жети облустагы жеке чарбаларда 20 миң, атайын фабрикаларда 203 миң баш канаттуу жок болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстанда жыл башынан бери куш тумоосуна каршы 3 377 900 вакцина даярдалган. Учурда дагы 699 355 доза сатып алынууда.

269
Белгилер:
эпидемия, куш тумоосу, Казакстан
Тема боюнча
Куш тумоосунан улам Казакстан Россия менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Казакстандын желеги. Архивдик сүрөт

Казакстан расмий түрдө өлүм жазасын жокко чыгарды

104
(жаңыланган 12:33 24.09.2020)
Казакстан өлүм жазасын алып салган эл аралык протоколго кошулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Казакстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров өлүм жазасын жокко чыгарган жарандык жана саясий укук жөнүндөгү Эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Өлүм жазасын жокко чыгарган эл аралык протоколго кошулуу чечими кабыл алынганын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев дагы өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып билдирген.

Ал Казакстан жалпы негиз болуп берген жашоо укугун жана адамдык ариетти колдой турганын белгилеген.

104
Белгилер:
БУУ, өлүм жазасы, Казакстан
Тема боюнча
Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду
АКШда өлүм жазасына кесилген киши 37 жылдан кийин акталып, абактан чыкты
ӨКМ кызматкери. Архивдик сүрөт

Оту асманга атылып. Бишкектин 5-кичи районундагы өрттүн видеосу

0
(жаңыланган 13:37 26.09.2020)
Аянтта 40 чарчы метр темир павильон күйгөн. Адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч жаралбаганын айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 5-кичи районда павильондон өрт чыкты. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 25-сентябрда, өрт чыккандыгы боюнча кабар түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:22де Октябрь райондук №5 ӨКБдан бир бөлүм тартылган.

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

Такталган маалыматка ылайык, 5-кичи районундагы №82 көп кабаттуу үйдүн жанында аянты 40 чарчы метр, учурда иштетилбей турган темир павильон күйгөн.

Өрттүн адамдын ден соолугуна, өмүрүнө кесепети тийген эмес.

0
Белгилер:
Бишкек, ӨКМ, кырсык, өрт
Тема боюнча
Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр