Тажикстанды Рахмондун ордуна башкарам деген алгачкы талапкер белгилүү болду

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаПрезидент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон
Президент Республики Таджикистан Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн президенттигине талапкер болгон биринчи киши көп жыл бою агрардык тармакта иштеп, саясий чөйрөдө чоң кызматтарда эмгектенген.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Агрардык партиянын кезексиз курултайында Тажикстандын президенттигине алгачкы талапкер болгон адамдын ысымы жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Жыйынга Агрардык партиянын өлкө боюнча 130га жакын өкүлү чакырылган. Анда партиянын төрагасы Рустам Латифзода президенттикке талапкер болуп тандалган.

Рахмондун 33 жаштагы уулу тажик бийлигиндеги экинчи адам болуп калды

Латифзода 1960-жылы 27-ноябрда Тажикстандын Хатлон облусунун Восе районунда туулган. Тажикстандын Агрардык университетин бүтүп, Санкт-Петербургдагы Тоо-кен институтунун гидротехника жана экологиялык инженерия адистиги боюнча билим алган.

Ал "Тажиксуукурулуш" ишканасында жана Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетте эмгектенип, андан кийин президенттик аппараттын мелиорация, агро өнөр жай комплекси, экология жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башкы адиси болуп дайындалган.

Ошондой эле Тажикстандын жаратылышты коргоо министринин биринчи орун басары, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары катары иштеп, парламенттеги экологиялык комиссияны жетектеген.

Кызы президенттик аппаратты, уулу шаарды башкарат. Эмомали Рахмон тууралуу 10 факты

Рустам Латифзода Агрардык партияда 2005-жылдан бери жетекчинин орун басары, ал эми 2014-жылы төрагасы болуп шайланган.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө ушул жылдын 11-октябрында президенттик шайлоо болот. Учурдагы президент Эмомали Рахмон өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0