Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан каза болду

© Фото / Facebook/ Айсултан НазарбаевКазакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, элбашынын небереси жүрөгү токтоп калып көз жумган. Ал Лондондо жашап жүргөн.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев каза болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, ал Лондондо жүрөгү токтоп калып көз жумган.

Айсултан Назарбаев 30 жашта болчу.

Айсултан Назарбаев — Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин уулу.

Жаңылыктар түрмөгү
0