Казакстан айрым аймактарында жүк ташуучу унааларга киргизген чектөөнү алып салды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүФедеральная трасса Р-257 "Енисей" в России
Федеральная трасса Р-257 Енисей в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Казакстан июнь айынын башынан август айынын аягына чейин салмагы сегиз тоннадан жогору автоунаалардын катташына тыюу салган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Казакстан сегиз аймагында жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөөнү алып салды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

15-августтан тарта Акмоло, Актөбө, Чыгыш Казакстан, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Караганда, Костанай жана Павлодар облустарындагы чектөөлөр токтотулду.

"Ал эми Алматы, Атырау, Жамбыл, Кызылордо, Түштүк Казакстан жана Мангистау облустарындагы чектөө 31-август күнү аяктайт", — деп айтылат кабарда.

Чектөөнүн негизги себеби — абанын температурасы 25 градустан жогору болгон кезде асфальт төшөлгөн жолду сактоо.

Казакстан автобус чыгарып, Кыргызстанга экспорттоону пландап жатат

Быйыл Казакстан июнь айынын башынан август айынын аягына чейин салмагы сегиз тоннадан жогору автоунаалардын катташына тыюу салган. Бирок эл аралык келишимдерге ылайык, жүк же киши ташуу менен алектенген автоунааларга бул чектөөнүн тиешеси жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0