Ыйлаганын уктук! Казакстанда арыктан табылган ымыркайды куткаруу учуру

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыктан табылган ымыркай эркек бала. Салмагы 3 000 грамм, бою 52 сантиметр. Тез жардам кызматын милиция чакырган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында арыктан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымады.

Билдирмеге ылайык, 25-августта түн ичинде шаарда сейилдеп жүргөндөр арыктан наристенин ыйлаган үнүн угуп, дароо аны куткарууга барышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от САМЫЙ КРУПНЫЙ ПАБЛИК KZ🇰🇿 (@krisp.almaty)

Видео Instagram баракчасына жарыяланган. Аны жиберген колдонуучу "баланын катуу ыйлаганын угуп дароо арык тарапка бардык. Сүлгү алдык да, аны караңгыда издеп кирдик" деп айтып берген.

Бөбөктүн абалы

Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, окуя тууралуу билдирүү Тез жардам кызматына шейшембиге караган түнү саат 00:38дер чамасында келип түшкөн.

"Арыктан табылган ымыркай эркек бала. Салмагы 3 000 грамм, бою 52 сантиметр. Тез жардам кызматын милиция чакырган", — деген Саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү.

Ооруканага ымыркай оор абалда түшүп, кийин дене табы ылдыйлап, абалы жакшырып кеткени айтылды. Учурда Аламлин облусунун укук коргоо кызматкерлери бөбөктүн энесин издеп жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0