Казакстанда той-топур тууралуу кабарлаган кишиге 20 миң теңге сыйлык берилет

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүСалтанаттуу кабыл алууда коноктор. Архив
Салтанаттуу кабыл алууда коноктор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматы бар жаран милицияга же атайын 112 кызматына байланышып, той болчу даректи берет. Жерине тез арада полиция жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү барат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Коңшу өлкөнүн Батыш-Казакстан облусунда той-топур, куран окутуу сыяктуу массалык иш-чараларды өткөргөндөр тууралуу маалымат берген кишиге 20 миң теңге (3,7 миң сомдун тегереги) сый акы төлөнмөй болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Ар кандай банкет, үлпөт той, юбилей, куран окутуу сыяктуу массалык иш-чараларды өткөргөндөр тууралуу кабары барлар мамлекеттик органдарга маалымат берсе 20 миң теңге сыйлык алышат. Буга кафе-ресторандардан тышкары үйдө өткөрүлгөн иш-чаралар дагы кирет", — деп айтылат кабарда.

Төртүнчү ирет! "Кайнар" рестораны кайрадан куран окутуп жатып кармалды

Маалыматы бар адам милицияга же атайын 112 кызматына байланышып, той болчу даректи берет. Жерине тез арада полиция жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү барат. Маалымат тастыкталса, ал тууралуу кабарлаган киши сыйлыгын алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0