Студенттер. Архив

10%дан көп албагыла! Казак өкмөтү студенттерге жеңилдик берүүнү сунуштады

66
(жаңыланган 11:34 29.08.2020)
Мурда ЖОЖдор жаңы окуу жылы башталары менен студенттерден келишим акынын 50 пайызын төгүүнү талап кылчу.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга студенттерди кабыл алууда келишим акынын 10 пайызын гана алууну сунуштады. Бул туурасында Sputnik Казакстан өлкөнүн Жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү департаментинин директору Адлет Тойбаевге шилтеме берип жазды.

Маалыматта министрлик студенттердин окуу акысын декабрь айына чейин бөлүп төлөө үчүн ийкемдүү график түзүп берүүнү сураганы айтылат.

Бир да бала көңүл сыртында калбасын! Министр мугалимдерге кайрылды

"Мурда ЖОЖдор жаңы окуу жылы башталары менен окуу акысынын 50 пайызын төгүүнү талап кылчу. Биз анын суммасын 10 пайызга чейин кыскарттык. Мындан сырткары, пандемия маалындагы студенттердин абалын эске алып окуу акысынын баасын жогорулатпоо боюнча ЖОЖдорго бир нече ирет кат жибергенбиз. Ал эми 2-4-курска чейинки студенттердин контрагын кымбаттатпоого макулдаштык", — деп айткан Тойбаев.

Ошондой эле ал 1-сентябрдан тарта студенттер дистанттык режимде окуй турганын белгилеген.

66
Белгилер:
жеңилдик, акы, окуу, студент, Казакстан
Тема боюнча
Министрлик студенттерди онлайн окутуу кандай форматта жүрөрүн түшүндүрдү
Россияда чет өлкөлүк студенттер үчүн жумушка орношуу жеңилдеди. Жаңы эреже
Ташкентке кетчү поездке отуруп жаткан Өзбекстандык мигранттар. Архив

Өзбекстан 1-октябрдан тарта чек арасын толук ачат

121
(жаңыланган 11:14 18.09.2020)
Өзбекстан чек арасын аба, темир жол жана автотранспорттор үчүн ачканы жатат. Бирок андагылар бардык санитардык эрежелерди сактап, керектүү учурда ПЦР-тесттерди тапшырууга милдеттүү болот.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өзбекстан 1-октябрдан тарта транспорттун бардык түрү үчүн чек арасын ачат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Республикалык атайын комиссия карантиндик чектөөлөрдү кыскартып, мамлекеттик чек арадан транспорттун жана кишилердин өтүүсүнө тоскоолдук кылбоо чечимин кабыл алды. Мисалы, өлкөгө турист катары киргендер мындан ары 14 күндүк карантинге алынбайт.

"Бирок чет элдик жарандарды конок катары алып келген туристтик компаниялар ар бир кардарына коронавируска кабылган жок деген ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ошондой эле туристтерде медициналык камсыздандыруу милдеттүү түрдө болушу шарт, — деп айтылат кабарда.

Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты

Мындан тышкары, Өзбекстан өзү үчүн "кызыл, "сары" жана "жашыл" зоналарды кабыл алды. Мисалы, "кызыл" жана "сары" зонадан келе жаткандар ПЦР-тесттердин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. "Жашыл" аймактан келе жаткандар, эгер оорунун белгилери жок болсо, чек арадан ээн-эркин өтүп, каалаган жагына бара алат.

Акыркы маалыматтар боюнча, коңшу өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 50 миңге чукулдады.

121
Белгилер:
транспорт, чектөө, карантин, пандемия, коронавирус, чек ара, Өзбекстан
Тема боюнча
Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат
Канаттуулар фабрикасы. Архив

Казакстанда куш тумоосу чыгып, канаттуулар өлүп жатат

80
(жаңыланган 16:05 17.09.2020)
Оору чыккан аймакта дезинфекция жүргүзүлүп, өлгөн жаныбарлар жок кылынууда. Ошондой эле аймакка вакцина жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Түндүк-Казакстан облусунда куш тумоосу чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Адистер өлгөн канаттууларды текшерип көрүп, аталган облустун жети районунда оору бар экенин аныктады.

"Тогузунан 16-сентябрга чейин Түндүк-Казакстандын жети районунда (Тимирязев, Тайынша, Жамбыл, Кызылжар, Шал акын, Г. Мусрепов, М.Жумабаев) үйдө багылган куштардын бир катар түрлөрү өлө баштаган", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук референттик борбор канаттуулардын өлүмүнө куш тумоосу себеп болгонун аныктаган. Тийиштүү эрежеге ылайык, Казакстан оору чыкканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кабарлады.

Эскертүү! Сасык тумоого каршы бекер вакцина калктын 13 пайызына гана жетет

Куш тумоосунун жайылып кетишин алдын алуу максатында 2020-жылдын 17-сентябрынан тарта аталган облустан куштун этин, жумурткасын сыртка чыгарууга тыюу салынды.

80
Белгилер:
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, куш тумоосу, Казакстан
Тема боюнча
Өлгөндөр миллионго жетип... БУУ COVID көзөмөлдөн чыгып бара жатканын айтты
TikTok тиркемесинин логотиби. Архив

АКШда бүгүндөн тарта TikTok тиркемесин жүктөөгө тыюу салынат

0
(жаңыланган 10:22 20.09.2020)
АКШ бийлиги TikTok колдонмосу америкалыктардын маалыматтарын Кытайга берип турушу мүмкүн деп шектенип жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. АКШнын Соода министрлиги TikTok тиркемесинин түзүүчүлөрү улуттук коопсуздукка байланышкан көйгөйдү жойбосо, 20-сентябрдан тарта колдонмону көчүрүүгө жана аны 12-ноябрдан тарта колдонууга тыюу салат. Бул тууралуу АКШнын Соода министрлигинин релизинде айтылганын РИА Новости жазды.

“АКШ президенти Дональд Трамптын 2020-жылдын 6-августунда кол койгон буйруктарына жооп катары Соода министрлиги өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоо максатында WeChat жана TikTok мобилдик тиркемелерине байланыштуу транзакцияларга тыюу салынгандыгын жарыялады”, — деп айтылат маалыматта.

Microsoft TikTok тиркемесин сатып ала алган жок. Сунуш четке кагылды

Анын үстүнө, буга чейин ЖМКлар америкалык Oracle жана ByteDance компаниялары биргелешкен TikTok Global жаңы компаниясын түзөрүн жазган. Анын штаб-квартирасы АКШда болуп, Oracle миноритардык акционер, ал эми ByteDance мажоритардык акционер болору белгиленген. Массмедиада айтылгандай, бейшембиде эки компания жана АКШнын Финансы министрлиги TikTok колдонмосунун активдерин сатып алуунун шарттарын алдын ала макулдашкан.

“АКШ президенти (Дональд Трамп — ред.) TikTok тарабынан улуттук коопсуздукка жаралып жаткан коркунучту жөнгө салууга байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн 12-ноябрга чейин мөөнөт берди. Эгер маселе оң жагына чечилсе, тиркемеге салынган тыюулар алынат”, — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын администрациясы TikTok колдонмосунун түзүүчүлөрүн америкалыктар боюнча маалыматтарды Кытай бийлигине берип турушу мүмкүн деп айыптап жатат. Ал эми колдонмонун ээси ByteDance мындай айыптоолорду четке кагууда. Ал эми Трамп август айында “TikTok коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жана “WeChat коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жарлыктарга кол койгон. Анда ал америкалык юрисдикциядагы ByteDance менен болгон бардык келишимдерди токтотуу үчүн бир айга жакын убакыт берген.

TikTok сервисиндеги кал, меңди кетирген челлендж медиктердин тынчын алууда

Ал мөөнөт бүгүн, 20-сентябрда, аяктайт. Тиркемени сатып алууга кызыкдар экинчи кардар, Microsoft компаниясы ByteDance алар менен кызматташуудан баш тартканын айткан. ЖМКда расмий Пекин TikTok тиркемесинин активдерин АКШда сатылуусуна каршы чыкканы, андан көрө тыюу салынганына макул экени айтылат.

Кытайдын реакциясы

Кытай WeChat жана TikTok боюнча АКШнын аракеттерине каршы чыгып, Вашингтонду туура эмес кадамга барбоого жана каралоодон алыс болууга чакырды.
TikTok колдонмосунун башкы директору Ванесса Паппас Facebook жана Instagram тиркемелеринин түзүүчүлөрүнө кайрылып, америкалык бийликтин чечимине каршы турууга колдоо көрсөтүүнү суранды.

0
Белгилер:
коопсуздук, тыюу салуу, Кытай, TikTok, АКШ
Тема боюнча
Трамп АКШнын гипер үндүү, укмуштуудай ракетасы бар экенин айтып мактанды