Өзбекстанда балдар 14-сентябрдан тарта мектепке барып, окуу башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулардын рюкзактары. Архив
Окуучулардын рюкзактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдик билим берүү министрлиги окутуу кандай формада болушуна ата-энелерден жооп алуу үчүн сурамжылоо жүргүзгөндө 5,5 миллион адам катышкан.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Быйыл Өзбекстанда мектептер 14-сентябрда окуучуларды кабыл алып, билим берүү процесси мурдагысындай уланат.  Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Шавкат Мирзиёев билим берүү мекемелеринин окуу жылына даярдыгы тууралуу онлайн кеңешме өткөрүп, бир катар чечимдер кабыл алынган.

Күндө окушат! 1-класска барчу балдардын ата-энелери үчүн 10 суроого жооп

Буга чейин коңшу өлкөнүн Элдик билим берүү министрлиги окутуу кандай формада болушуна ата-энелерден жооп алуу үчүн сурамжылоо жүргүзүп, ага 5,5 миллион адам катышкан. Натыйжада алардын 76 пайызы окуу кадимкидей эле мектепте өтүшүн кааласа, 24 пайызы телесабактар аркылуу дистанттык түрдө улантууга макул экенин билдирген.

Ошондой эле дүйнөдөгү кырдаалга дагы баам салышканы айтылат. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билим берүү процессин токтотуу келечекке өтө терс таасир этерин билдиргени эске алынган.

Жыйынтыгында өзбек бийлиги салттык да, дистанттык да формада окуу процесстерин уюштуруу чечими кабыл алынган.

10%дан көп албагыла! Казак өкмөтү студенттерге жеңилдик берүүнү сунуштады

Мирзиёев Элдик билим берүү министрлигине калктын пикирин эске алып окууну 14-сентябрдан тарта баштоону тапшырды. Бирок мектептерди ачуу боюнча ар аймакта жергиликтүү кеңештин депутаттары эпидемиологиялык кырдаалды анализдеп чечим чыгарат. Кырдаал начар болсо дистанттык түрдө окушат.

Окуу башталгандан кийин санитардык нормалар так сакталышы талап кылынат. Ар бир мектепке Улуттук гвардиянын жана милиция кызматкерлери бекитилет. Алар тартипти жана карантиндик талаптардын аткарылышын камсыздайт. Жергиликтүү бейтапканадан бир медик барып балдардын ден соолугуна байкоо салып турат. Балдар өздөрү COVID-19 менен оорубаганы менен вирусту ташып жүрүүчү болушу мүмкүн. Мындай учурда мугалимдерге жана үй-бүлөсүнө кооптуулук жаратат.

Мектептерди коргонуу жана дезинфекциялоо каражаттары менен камсыздоо милдети хокимдерге жүктөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0