Өзбекстанда карантин жумшартылгандан бери COVID жуктургандар көбөйдү

© AFP / YURI KORSUNTSEVСдача вступительных экзаменов в Ташкенте
Сдача вступительных экзаменов в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 281 кишиге жетти. Анын ичинен 358 киши каза болду.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Ташкент шаарында карантиндик чектөөлөр кыскартылгандан бери коронавирустун белгилери бар экенин айтып, Тез жардам кызматына кайрылгандар көбөйдү. Бул тууралуу аталган кызматтын башкы дарыгери Умидулло Рискиевге шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.

"Чектөөлөр август айынын ортосунда кыскартылган. Ал эми сентябрдын биринчи жумасында Тез жардам кызматына кайрылгандардын саны дароо көбөйүп кетти. Мисалы, август айында жума сайын орто эсеп менен 18 миңдин тегерегинде киши кайрылса, сентябрдын башында 19,7 миңден ашык бейтап жардам сурады", — деген Рискиев.

Маалыматка караганда, кайрылгандардын ичинен 31,2 пайызынын дене табы көтөрүлүп кеткен, 15,7 пайызында курч респиратордук вирустардын белгиси болгон. Ал эми 4,1 пайызында пневмониянын алгачкы белгилери байкалган.

ДССУ башчысы жай турмушка кайтуунун төрт негизги жолун атады

Мындан улам өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги карантиндик чектөөлөрдүн кыскартылышына карабай, жарандарды бардык санитардык эрежелерди сактоого чакырып жатат.

Ушул тапта Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 281 кишиге жетти. Анын ичинен 358 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0