Канаттуулар фабрикасы. Архив

Казакстанда куш тумоосу чыгып, канаттуулар өлүп жатат

87
(жаңыланган 16:05 17.09.2020)
Оору чыккан аймакта дезинфекция жүргүзүлүп, өлгөн жаныбарлар жок кылынууда. Ошондой эле аймакка вакцина жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Түндүк-Казакстан облусунда куш тумоосу чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Адистер өлгөн канаттууларды текшерип көрүп, аталган облустун жети районунда оору бар экенин аныктады.

"Тогузунан 16-сентябрга чейин Түндүк-Казакстандын жети районунда (Тимирязев, Тайынша, Жамбыл, Кызылжар, Шал акын, Г. Мусрепов, М.Жумабаев) үйдө багылган куштардын бир катар түрлөрү өлө баштаган", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук референттик борбор канаттуулардын өлүмүнө куш тумоосу себеп болгонун аныктаган. Тийиштүү эрежеге ылайык, Казакстан оору чыкканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кабарлады.

Эскертүү! Сасык тумоого каршы бекер вакцина калктын 13 пайызына гана жетет

Куш тумоосунун жайылып кетишин алдын алуу максатында 2020-жылдын 17-сентябрынан тарта аталган облустан куштун этин, жумурткасын сыртка чыгарууга тыюу салынды.

87
Белгилер:
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, куш тумоосу, Казакстан
Тема боюнча
Өлгөндөр миллионго жетип... БУУ COVID көзөмөлдөн чыгып бара жатканын айтты
Анжиянда болгон жол кырсыгы

Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп, өзү кошо көз жумду

175
(жаңыланган 12:32 29.09.2020)
Факты боюнча "Жол эрежесин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
  • Последствия ДТП грузовым транспортным средством марки Volvo который несправившись с управлением, выехал на встречную полосу движения и совершил наезд на пешеходов на автодороге Булакбаши-Андижан в Андижанской области
    Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү
    © Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
1 / 4
© Фото / пресс-служба МВД Узбекистана
Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү саат 17:20да болгон.

"28 жаштагы Ш.Л. Саноат айылынын аймагында жүк ташуучу унаасын айдап баратып кырсыктаган. Кыргызстандык айдоочу рулду башкара албай калып, жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Натыйжада жолдун четинде бараткан 10 жана 3 жаштагы кыздарды коюп, андан ары турак үйдү сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен эки кыз менен айдоочу жеринде көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Булакбашы районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан "Жол эрежесин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдарын улантуу үчүн иш Анжиян облустук ИИБине өткөрүлдү.

175
Белгилер:
жол кырсык, Өзбекстан, Анжиян
Тема боюнча
Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

87
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

87
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш
Модель көргөзмө учурунда. Архив

60 жаштагы модель жаштык сырлары менен бөлүштү

0
(жаңыланган 09:03 30.09.2020)
Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн билдирген. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 60 жаштагы англиялык ишкер аял, интерьер дизайнери жана модель Шери Дэвенпорт Daily Mail агенттигине жаштык сырлары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Шери этек кири биротоло токтогондон кийин тамактануу рационун өзгөртүп, тамак-аш кошулмаларын колдоно баштаган. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону таштаган эмес.

"Азыр өзүмдү 50 жаштагыдан да жакшы сезем. Мен гормон алмаштыруу терапиясынан баш тартып, анын жөнөкөй жолун таптым. Тагыраагы, өсүмдүк экстрактынан жасалган дарыларды колдоно баштадым. Мындан сырткары, кофеин, ичимдик, кумшекерди рациондон чийип салгам. Кызыл эт, тоок этин да жебейм, балыкты гана пайдаланам. Косметологго барып, сапаттуу гана косметикаларды колдоном. Сөөк, муундар бекемдесин деп тамак-аш кошулмаларын алам. Ар таңда медитация жасап, андан кийин спорт менен машыгам. Сальса дагы бийлейм", — деген ал.

Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн кошумчалаган. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

Ишкер аялдын учурда башы бош. Ал бир баланын апасы, эки неберенин чоң энеси. Уулу 39 жашта.

0
Белгилер:
дизайнер, сыр, сулуулук, жаштык, модель, Англия
Тема боюнча
Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды