Өзбекстан 1-октябрдан тарта чек арасын толук ачат

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүТашкентке кетчү поездке отуруп жаткан Өзбекстандык мигранттар. Архив
Ташкентке кетчү поездке отуруп жаткан Өзбекстандык мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан чек арасын аба, темир жол жана автотранспорттор үчүн ачканы жатат. Бирок андагылар бардык санитардык эрежелерди сактап, керектүү учурда ПЦР-тесттерди тапшырууга милдеттүү болот.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өзбекстан 1-октябрдан тарта транспорттун бардык түрү үчүн чек арасын ачат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Республикалык атайын комиссия карантиндик чектөөлөрдү кыскартып, мамлекеттик чек арадан транспорттун жана кишилердин өтүүсүнө тоскоолдук кылбоо чечимин кабыл алды. Мисалы, өлкөгө турист катары киргендер мындан ары 14 күндүк карантинге алынбайт.

"Бирок чет элдик жарандарды конок катары алып келген туристтик компаниялар ар бир кардарына коронавируска кабылган жок деген ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Ошондой эле туристтерде медициналык камсыздандыруу милдеттүү түрдө болушу шарт, — деп айтылат кабарда.

Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты

Мындан тышкары, Өзбекстан өзү үчүн "кызыл, "сары" жана "жашыл" зоналарды кабыл алды. Мисалы, "кызыл" жана "сары" зонадан келе жаткандар ПЦР-тесттердин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. "Жашыл" аймактан келе жаткандар, эгер оорунун белгилери жок болсо, чек арадан ээн-эркин өтүп, каалаган жагына бара алат.

Акыркы маалыматтар боюнча, коңшу өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 50 миңге чукулдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0