Караандаткан жок. Тажикстанда Рахмон президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болду

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүТажикстандын учурдагы президент Эмомали Рахмон
Тажикстандын учурдагы президент Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстанда президенттик такты үчүн беш талапкер ат салышкан. Шайлоодо добуштардын 50 пайызынан ашыгын алган талапкер жеңүүчү болуп саналат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон шайлоочулардын добушунун 90,92 пайызына ээ болуп президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан агенттиги өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянып жазды.

Президенттик такты үчүн беш талапкер ат салышкан. Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев катышты.

Өлкө мыйзамына ылайык, Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоодо добуштардын 50 пайызынан ашыгын алган талапкер жеңүүчү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0