Тажикстандын кайрадан шайланган президенти Эмомали Рахмон. Архив

Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди

85
Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон кайрадан өлкө башчылыкка келген.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Тажикстандын кайрадан шайланган президенти Эмомали Рахмондун инаугурациясы 30-октябрга белгиленди. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Бул күнү өлкө парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт. Тажикстандын мыйзамы боюнча, президент расмий түрдө ишке киришүү үчүн эки палатанын биргелешкен жыйынында ант берүүсү зарыл.

Эске салсак, Тажикстанда 11-октябрь күнү президенттик шайлоо өткөн. Анда шайлоочулардын 90 пайызынын добушун алган Эмомали Рахмон төрт атаандашын артка калтырып, кайрадан өлкө башчылыкка келген.

85
Белгилер:
инаугурация, Эмомали Рахмон, Тажикстан
Тема боюнча
Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматына киришти
Киши Казакстандын желегин илип турат. Архив

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

56
(жаңыланган 13:28 25.10.2020)
Бөрүбаева белгилегендей, коңшу өлкөгө аба каттамы аркылуу бара аласыз, бирок автоунаа менен кирүүгө баарына эле уруксат бериле бербейт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары Казакстанга кантип бара аларын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева айтып берди.

Ал белгилегендей, коңшу өлкөгө автоунаа менен кирүүгө баарына эле уруксат бериле бербейт. Чек арадан төмөнкү категорияга кирген жарандар өтө алат:

  • Казакстандын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Казакстанда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Коңшу өлкөгө аба каттамы аркылуу дагы бара аласыз. Эскерте кетсек, Казакстан эртеңден тарта аба каттамдарынын санын кыскартат. Кыргызстанга Алматы — Бишкек — Алматы ("Эйр Астана") маршруту жумасына эки ирет каттайт.

Белгилей кетсек, коңшу мамлекет COVID-19га тест тапшырбаган жарандарды өз аймагына киргизбейт. Андыктан Казакстанга кирчүлөрдүн жанында сөзсүз ПЦР-тесттин жыйынтыгы болушу шарт.

56
Белгилер:
ПЦР-тест, жол эрежеси, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер
Казакстан учагы. Архив

Казакстан эртең аба каттамдарын кыскартат. Кыргызстанга канча рейс аткарылат

141
(жаңыланган 15:18 25.10.2020)
Кыргызстанга Алматы — Бишкек — Алматы ("Эйр Астана") маршруту менен жумасына эки аба каттам аткарыла турганы маалым болду.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Казакстан 26-октябрдан баштап эл аралык аба каттамдарынын санын кыскартат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Жаңы расписание төмөнкүчө:

  • Түркия (33 жолу);
  • Түштүк Корея (2);
  • Нидерланд (2);
  • БАЭ (16);
  • Беларусь (4);
  • Германия (4);
  • Украина (1);
  • Өзбекстан (2);
  • Египет (2);
  • Кыргызстан (2);
  • Россия (2).

Ошондо Кыргызстанга Алматы — Бишкек — Алматы ("Эйр Астана") маршруту менен жумасына эки ирет аба каттамы аткарылат.

141
Белгилер:
каттам, аба, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер
Киши автоунааны айдап бара жатат. Архив

Бишкекте айдоочу милицияга ойдон чыгарылган комитеттин документин көрсөткөн. Сүрөт

0
(жаңыланган 17:18 25.10.2020)
Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда 27 жаштагы киши өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

  • Поддельное удостоверение, которое водитель предъявил сотрудникам милиции. 25 октября 2020 года
    Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Водитель предъявивший патрульным милиционерам поддельное удостоверение при остановке его машины в Бишкеке. 25 октября 2020 года
    Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды

Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

"Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы киши кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. Анын автоунааны мас абалында башкарып бара жатканы да аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Териштире келгенде КРде андай комитет жок экени маалым болгон.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси ("Жасалма документ") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Ал эми автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Айдоочунун жасалма документ боюнча иши Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

0
Белгилер:
Жол кайгуул кызматы, милиция, айдоочу, документ, жасалма
Тема боюнча
Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды