Кытайдагы полиция кызматкери. Архивдик сүрөт

30 жыл полициядан качып жүргөн кишини эч ким издеген эмес. Кытайдагы окуя

475
(жаңыланган 11:08 24.10.2020)
Эч кандай кылмышка шектелбегендигин билген 52 жаштагы киши ыйлап жиберген. Ал жашырынып жүргөндө ата-энеси өтүп кеткени айтылды.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Китайлык Чжоу полициядан 30 жылга жакын жашырынып жүрүп, бирок чыдабай калып, колго түшүп берүү үчүн келгенде ага эч ким издөө салбагандыгы белгилүү болгон. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазды.

Чжоу 1990-жылы топтошкон мушташка катышкан. Эртеси окуя болгон жерге келгенде полициянын токтоп турган автоунаасын көрүп, ошол бойдон из жашырган.

Абактагы наркобарон кызга айланып... Кылмышкердин кармалгандагы видеосу

"Окуядан 30 жыл өткөн соң 52 жаштагы киши полицияга өзү келип, аны кайсы күнөө кылганы үчүн издегендигин тактоону чечкен. Полиция маалыматтар топтомун ачып, аны издөө салгандардын арасынан, дегеле ал катышкан кылмышты тапкан эмес. Муну уккан киши ыйлап жиберген. Чжоу жашырынып жүргөн жылдары ата-энеси кайтыш болуп кеткен", — деп жазган басылма.

30 жыл ичинде качкын шахта менен кыш заводдо иштеп, ыргытылган өнөр жай таштандыларын чогултуп, тапшырып жанын багып келген.

475
Белгилер:
издөө, качуу, полиция, мушташ, Кытай
Тема боюнча
Жалаа менен 35 жыл абакта отурган АКШлык аялга үч млн. доллар берилди
Жайлоодогу кулун. Архив

Кулунду автоунаага отургузуп алып ташыган айдоочу. Астанадагы окуянын видеосу

361
(жаңыланган 10:10 22.11.2020)
Кулун боюнча видео элге тарап кеткен соң полиция айдоочуну издеп тапкан. Ал Астана шаарынын 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Казакстанда кулунду жеңил автоунаанын арткы орундугуна салып бараткандардын видеосу тарап, элди таң калдырды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Ал эми видео интернетке жарыяланып кеткен.

Анткен менен ага полиция издөө салган.

Айдоочу видеодо мал-жанды деле өзүнүн автоунаасы менен башкалардыкын деле ташып жеткирип бере ала тургандыгын айтып бара жатат. Ал эми аркасындагы орундук тараптан кулунду экинчи киши кармап отургандыгын көрүүгө болот.

Бул видео элге тарап кеткен соң полиция посттун авторун издеп тапкан. Ал Астана шаарынын 27 жаштагы тургуну болуп чыккан. Тартип сакчыларына Акмоло облусунан кулундуу бээ алып, анын баласын сатып жиберүү максатында базарга бара жаткандагы учуру видеого тартылып калгандыгын айтып берген. Бул кадамын чоңураак автокөлүктү жалдабай, акчаны үнөмдөө максатында жасадым деп түшүндүргөн.

Мындан кийин "үнөмчүл адам" жүктү ташуу боюнча атайын каралган автоунаа  эрежесин бузгандыгы үчүн 13 890 теңге (32 доллар) айыпка жыгылган.

Андан сырткары, материалдык жоопкерчиликке тартуу үчүн Ветеринардык көзөмөл боюнча аймактык инспекциянын комитетинин кароосуна жиберилген.

361
Белгилер:
айып пул, автоунаа, кулун, Астана, Казакстан
Тема боюнча
Аюуларды коркутат дешти. Үрөйдү учурган роботтордун видеосу
Таң калтырган сары түстүү таш бака. Индиядан тартылган видео
Киши Sinovac Biotech лабораториясында иштеп жатат. Архив

Кытайдын коронавируска каршы вакцинасы сыноонун эки этабынан өттү

75
CoronaVac вакцинасы биринчи жана экинчи этаптагы изилдөөдө 18ден 59 жашка чейинки дени сак 700 адамга колдонулган.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кытайдын Sinovac Biotech биофармацевтикалык компаниясынын коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинасын адамдарга сыноо учурунда коопсуз жана тез арада иммундук жооп түптөй алууга жөндөмдүү экени тастыкталды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Вакцина алган ыктыярчылардын антителосунун деңгээли COVID-19 менен ооруп айыккан адамдардыкынан төмөн болору аныкталган. Бирок изилдөөнүн жыйынтыгында биологиялык препарат адамдын организмин вирустук инфекциядан коргошуна тоскоолдук жаратпай турганы көрсөтүлгөн.

CoronaVac вакцинасы биринчи жана экинчи этаптагы изилдөөдө 18ден 59 жашка чейинки дени сак 700 адамга колдонулган.

Сыноонун катышуучуларына 14 күндүк аралык менен эки ирет вакцина сайылган. Илимий макаланын авторлорунун бири Чжу Фэнцай анын натыйжасы препараттын эффективдүүлүгүн жана пандемия маалында чукул арада колдонсо болорун ырастаганын билдирген.

Ал эми вакцина алгандан кийин түптөлгөн иммундук жооп канчага чейин созуларын аныктоо дагы кошумча изилдөөнү талап кылары белгиленген.

Талапкер катары катталган вакцина учурда анын клиникалык сыноонун үчүнчү этабына чыкты.

75
Белгилер:
изилдөө, сыноо, коронавирус, вакцина, Кытай
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Пандемияга дагы бир сокку. Россияда үчүнчү вакцина сыноодон өтө баштады. Видео
Америка жана кытайлык медиктер COVID-19га каршы нукура дары тапты
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

92
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

92
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты