Кытай: дарыгерлер баланын кекиртегинен тирүү сүлүк куртту алып чыкты. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМеждународный центр медицинской пиявки в Раменском районе
Международный центр медицинской пиявки в Раменском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала дем алуусу кыйындап, башы ооруп жаткандыгын көп айта баштаган. Ата-энеси уулун өз алдынча дарылаганга аракет кылып, бирок майнап болгон эмес.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кытайда дарыгерлер беш жаштагы баланын кекиртегинен тирүү сүлүк курт алып чыгышты. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

Медиктер анын организмге бир жыл мурда кирип кеткенин аныктаган.

​Бала дем алуусу кыйындап жана башы ооруп жаткандыгын көп айта баштаган. Ата-энеси уулун өз алдынча дарылаганга аракет кылып, бирок майнап болгон эмес.

Кишинин тамагына кирип алган сүлүк курттун видеосу. Кытайдагы окуя

Медициналык текшерүүдөн өткөрүп жаткан кезде бөбөктүн башынан узундугу чоң кишинин алаканындай болгон тирүү сүлүк куртту таап чыгышкан. Дарыгерлердин айтымында, курт организмге кир сууну ичкенде кирип кеткен.

Ак халатчандар баланын кекиртегиндеги куртту алып чыгып, башка ата-энелерге да сак болууну эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0