Кытай окумуштуулары: көз айнек коронавируска кабылуу коркунучун 5 эсе азайтат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүСитуация в Новосибирске из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Новосибирске из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көздүн чел кабыгы менен мурундун былжыры COVID илдетин жуктуруунун негизги жолдору экени аныкталып, бет кап тагынуу зарылдыгы айтылат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Көз айнек тагып жүрүү коронавируска кабылуу коркунучун беш эсе төмөндөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу кытайлык окумуштууларга таянып, "Российская газета" басылмасы жазды.

Новосибирск мамлекеттик университетинин бионанотехнология, микробиология жана вирусология боюнча лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору Сергей Нетесовдун айтымында, иликтөө учурунда Кытайдын жашоочуларынын 80 пайызы көз айнек тагынары аныкталган. Ал ошондой эле көздүн чел кабыгы менен мурундун былжыры COVID-19ду жуктуруунун негизги жолдору экенин белгилеп, көз айнек тагынуудан сырткары медициналык бет кап кийүү зарылдыгын айтат.

"Жыт сезбей калуу илдетти жуктуруу мурун аркылуу болгонунан кабар берет. Бул көрүнүш оорунун эң көп тараган белгилеринин бири", — дел белгилеген Нетесов.

Окумуштуулар COVID-19ду аныктоонун жаңы ыкмасын тапты

Окумуштуу ошондой эле акыркы изилдөөлөргө ылайык, коронавирус денеде 12 саат жашаары аныкталганын, андыктан колду самындап жууп туруу ооруну алдын алуунун негизги чарасы экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0