Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев. Архив

Токаев менен Мирзиёев Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү көздөп жатат

269
(жаңыланган 11:32 12.11.2020)
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, Борбор Азиядагы абалды талкуулашты.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам берет. Бул тууралуу Акорда сайтында кабарланды.

Маалыматка караганда, жакында эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Борбор Азиядагы абал тууралуу сүйлөшүү маалында тараптар региондо туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча бир катар маселелерди талкуулады. Ошондой эле Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гауманитардык жардам көрсөтөрү белгилүү болду", — деп жазылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү өтүндү

Ал эми Өзбекстандын президентинин расмий сайтында Кыргызстанга жардам боюнча айтылган жок. Анда Борбор Азиядагы абал жөнүндө талкуу болгону жазылган.

269
Белгилер:
Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиеев, абал, жардам, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: акыркы жылдары Кыргызстанга туруктуулук жетпей жатты

Өзбекстандагы футболдук беттеш массалык мушташ менен аяктады. Видео

262
(жаңыланган 09:54 02.12.2020)
Беттеш бүткөндөн кийин жеңилген команданын футболчусу калысты бир тепкен. Бул чыр заматта ырбап, мушташка көрүүчүлөр да кошулуп кеткени айтылды.

Өзбекстандын экинчи дивизионундагы ферганалык "Нефтчи" жана жайсаңдык "Турон" командаларынын футболдук беттеши массалык мушташ менен коштолду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.

Беттеште "Турон" 1:0 эсебинде утуп, өлкөнүн жогорку лигасына жолдомо алган. Оюндун соңунда жеңилген "Нефтчи" командасынын бир футболчусу белгисиз себептерден улам калысты көкүрөккө тепкен. Бул чыр заматта ырбап, көрүүчүлөр да оюн талаасына чыгып, мушташ массалык түргө айланган.

Бул окуя боюнча "Нефтчи" командасы да, Өзбекстандын футбол ассоциациясы да азырынча эч кандай билдирүү тарата электиги белгиленет.

262
Белгилер:
мушташ, футбол, Өзбекстан
Тема боюнча
Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу
Тепкен тобу улам дарбазанын кырына тийип... Айласы кеткен футболчунун видеосу
Кийим сатылган дүкөндүн терезесиндеги манекен. Архив

Казакстандык бодибилдер акыры секс куурчагы менен баш кошту. Сүрөт, видео

319
Нур-Султан шаарында жашаган спортчу көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр колун сураган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Казакстандык режиссёр жана бодибилдер Юрий Толочко бир жарым жылдан бери чогуу "жашап" жүргөн Марго аттуу секс куурчагы менен баш кошту. Бул тууралуу ал Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Той ресторанда өткөн. Үйлөнө турчу жигит кадимкидей эле костюм-шым, колукту ак көйнөк кийген. Жаштарды куттуктаганы ондогон киши келгенин байкоого болот. Юрий "кыздын" колуна шакек салып, жайыраак бий аткарышкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Белгилей кетсек, Нур-Султан шаарында жашаган бул адам көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, былтыр анын колун сураган. Үйлөнүү тоюн бир нече жолу пландап, бирок пандемияга байланыштуу жылдырган болчу.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJack / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Өзүнүн айтымында, биринчиден, ал мындай жол менен өзүн жаңы ролдо сынап көргүсү келген. Экинчиден, коомдун кандай кабыл аларына кызыккан.

319
Белгилер:
курчак, бодибилдер, үйлөнүү, секс, Казакстан
Тема боюнча
"Шайтанды кубалайбыз". Индияда бир жаштагы бөбөк менен итти үйлөнткөн окуя
Секс-куурчактын кооптондуруучу жагдайлары айтылды
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты

0
(жаңыланган 17:56 02.12.2020)
Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга кирген гумжардамдар кайда жумшалганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин отчёту чийки экенин айтып, иликтөө жүргүзүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардам тууралуу отчёт берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Чиновник бүгүн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчёт берүү тапшырмасы берилген. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Бирок берилген отчёт толук эмес жана айрым пунктулар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчётто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынып, тиешелүү тартипте белгиленген эмес? Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", — деди ал.

Сурабалдиева отчёттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

0
Белгилер:
отчет, донор, коронавирус, штаб
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген