БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Өзбекстандын Сырдарыя облусунда медициналык максатта кара куурай өстүрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Өлкөнүн Инвестиция жана соода министрлиги Melabis компаниясы менен кабыл алган меморандумга ылайык, биринчи жылы өсүмдүктү 500 гектар жерге тигүү пландалууда. Кийинки үч жылда аянты 3000 гектарга чейин кеңейет.
Маалыматта Борбордук Азиянын климаты кара куурай өстүрүүгө ылайыктуу экени, өсүмдүк пахтага караганда сууну аз иче турганы белгиленген.Өнөр жай шартында иштетилген кара куурай курамында 0,1-0,2 пайыздан ашпаган тетрагидроканнабинолу бар даяр продуктуга айланат. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун шарттарына толук туура келет жана өсүмдүктү башка максатта колдонууга жол берилбейт. Иштетилген продукция экспортко жөнөтүлмөкчү.
Долбоорго 33 миллион доллар сарптоо пландалып жатат. Жакынкы аралыкта жогорку технологиялык завод жана сырьену кайра иштеткен лаборатория курулат. Анда 100 жумушчу орун түзүлөрү айтылды.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кара куурайды өнөр жай максатында иштетүү боюнча мыйзамга кол койгон.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.
Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.
Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.