Казакстанда унаасы менен муз алдына түшүп кеткен балыкчылардын төртөө каза болду

© Фото / КЧС МВД РККазакстандын ӨКМ кызматкерлери. Архив
Казакстандын ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чөгүп кеткен машинадагы үч киши суудан өз алдынча чыгышкан. Бүгүн куткаруучулар калган төртөөнүн сөөгүн табышты.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Казакстандын Кызылордо облусунда УАЗ жолтандабасы менен балык уулоого баргандар муз алдында калып, төртөө каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Telegram каналына жазды.

Каргаша кечээ кечинде Камбаш көлүндө катталган. Муз жарылып кетип, автоунаа менен кошо ичиндеги жети балыкчы чөккөн. Үчөө суудан өз алдынча чыккан. 

Ал эми жолтандабас менен кошо чөккөндөр көлдүн жети метр тереңинен табылган. Көз жумгандар 26, 35, 39 жана 47 жашта экени айтылды. Аймактагы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды музга чыгарда этият болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0