Казакстанда 500 доллар пара алган генерал беш жылга соттолуп кетти

Жазылуу
Мындан тышкары, сот президентке соттолгон жаранды "генерал-майор" наамынан жана "Ормет" орденинен ажыратуу сунушун киргизгени жатат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Коргоо министрлигинин кадрлар жана аскердик билим берүү департаментинин экс-башчысы пара алгандыгы үчүн беш жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына шилтеме берип билдирди. 

"2019-жылдын май айында соттолгон киши аскерди кызматка дайындаганы үчүн 200 миң теңге (ошол кездеги курс боюнча 520 доллардан ашык) пара алгандыгы аныкталды", — деп министрликтен билдиришкен.

Акмола гарнизонунун аскер сотунун өкүмү менен генерал-майор мамлекеттик кызматта иштөө укугунан өмүр бою ажыратылып, беш жылга абакка кесилди.

Мындан тышкары, сот президентке соттолгон жаранды "генерал-майор" наамынан жана "Ормет" орденинен ажыратуу сунушун киргизгени жатат.

ЖМКлар генерал-майордун аты-жөнү Кайрат Көпбаев экендигин жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0