Казакстан 25-декабрдан тарта карантиндик чараларды күчөтөт

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАлматыдагы COVID-19 текшерүү өткөрүү пункту. Архив
Алматыдагы COVID-19 текшерүү өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн өкмөт башчысына адистер январь-февраль айларында курч респиратордук вирустуу инфекциялардын фонунда (КРВИ) коронавирус күчөшү мүмкүндүгүн эскерткен.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстанда 25-декабрдан тарта 5-январга чейин карантиндик чаралар күчөтүлөт. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин өкмөтүнүн сайтында жазылган.

Жекшемби күнү премьер-министр Аскар Мамин Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер менен жыйын өткөргөн.

Анда беш регион: Атырау, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Акмола облустары илдеттин жогорку жана орто тобокелдик чегинде турганы айтылган. Ошондой эле январь-февраль айларында курч респиратордук вирустуу инфекциялардын фонунда коронавирус (КРВИ) күчөшү мүмкүндүгү эскертилген.

Медициналык кызматкер кан үлгүсү менен прорибканы кармам турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыркыдан да жугуштуу. Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болду
Жолугушуудан кийин Мамин 2020-жылдын 25-декабрынан 2021-жылдын 5-январына чейин көңүл ачуучу, спорттук жана башка массалык иш-чараларга, анын ичинде жаңы жылдык кечелер менен майрамдык корпоративдерге тыюу салынарын жарыялаган.

Муну менен бирге коронавируска каршы дарылардын баасын орточо пайызда азайтууга тапшырма берген. Айрым класстардын окуучулары жарым сабагын аралыктан, жарымын үйдөн окумай болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0