БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстанда Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өндүрүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кыматына таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин дүйшөмбү күнү Караганда облусуна барып, вакцинаны чыгара турган фармацевтикалык комплекске ишти баштоого уруксат берди. Мындай кадамга эки өлкөнүн президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путиндин ортосундагы келишим негиз болгон.
"Спутник V" вакцинасы Казакстанда өндүрүлө баштады. Февраль айында даяр болуп, алгач ыктыярдуу негизде медиктер, педагогдор, полиция кызматкерлери, студенттер жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Бул жерде этабы менен вакцинанын 2 миллион дозасы жасалат", — деди Мамин.
Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы "Спутник V", андан соң "ЭпиВакКорона" вакцинасын иштеп чыккан. Кыргызстан дарыларды алып келүү боюнча Россия баштаган бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.
Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров Алимжанов кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошконун белгилеп, "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирген.
Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. Ал 1984-2004-жылдар аралыгында жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.
Казак манасчысынын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегин материалдан окуңуздар.
Тиешелүү мамлекеттик орган эркиндиктеги адамды күбө, жабырлануучу, шектүү же айыпталуучу катары кылмыш иши боюнча суракка чакыра алат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги КРдин Жазык-процесстик кодексиндеги сурак алуу боюнча тиешелүү мыйзамдарды (189-197-берене) карап чыгып, элге жөнөкөй тил менен түшүндүргөнгө аракет кылды. Материалды даярдоодо юристтен кеңеш алып, мурда-кийин сурак берген адам (аты аталбайт) менен да сүйлөштүк.
Күбө, жабырлануучу, эркиндикте жүргөн шектүү же айыпталуучу суракка чакыруу кагазы (повестка) менен чакыртылат. Чакыруу кагазында ким, эмне себептен, кимге, кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы, суракка келүүнүн убактысы жана адвокатты чакыруу укугу бар экендиги жазылат. Ошондой эле суракка себеби жок эле келбей коюунун кесепети көрсөтүлөт.
Күч түзүмүнүн өкүлү суракка чакырылган адамга кагазды алып барып берип, "алдым, барам" дедиртип колун койдуруп алат. Чакырылган киши жок болсо кагаз үй-бүлөсүндөгү жашы жеткен адамга кол койдуруп алуу менен тапшырылат.
Мөөнөттүү кызматтын жоокерлери көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.
Суракка чакырылган адам дайындалган мөөнөткө келе албай турган болсо, себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдириши керек. Эч себепсиз келбей койсо, мажбурланып (кармалып) алып келиниши мүмкүн.
Адатта сурак сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жерде болот. Дистанттык формадагы сурак адамдын ден соолугуна байланыштуу же башка жүйөлүү себеп менен түздөн-түз келүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жүргүзүлөт.
Суракка алуу 4 сааттан ашык тынымсыз жүргүзүлбөшү керек. Ортодо эс алууга жана тамак ичүүгө бир саатка тыныгуу берилип, сурак кайра 4 саатка улантылышы мүмкүн. Күн ичинде суракка алуунун жалпы узактыгы 8 сааттан ашпоого тийиш.
Медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда суракка алуунун узактыгы дарыгердин корутундусунун негизинде белгиленет.
Суралып жаткан адам кайсы тилде көрсөтмө бере алары башында аныкталат. Зарыл учурда котормочу оозеки котормо жүргүзөт.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди суракка алуу
Дудук же дүлөй кишини суракка алууда сурдокотормочу жардамга келет. Адамдын психикалык же башка катуу оорусу болсо сурак дарыгердин уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт.
Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адам көрсөтмө берүүдөн баш тартса, четтей турган болсо же билип туруп жалган көрсөтмө берсе жазык жоопкерчилигине тартылат.
Тергөөчү берген суроолор тергөө этикасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Суроолор так, түшүнүктүү, кыска берилип, тергөөчүнүн жеке ырастоосу менен баамдоосун камтыбашы керек. Суракка алууда күч колдонуу, кыйноо, коркутуу же башка нерселер болбошу шарт. Мыйзамсыз аракеттерге барган тергөөчү жоопкерчиликке тартылат.
Бир жазык иши же жорук боюнча чакырылган адамдар бөлөк-бөлөк суракка алынат. Мында тергөөчү жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алар сурак жүргүзгөнгө чейин иш боюнча өз ара пикир алышпоосу үчүн чара колдонот.
Бир эле иш боюнча чакырылган күбө менен жабырлануучулар өз-өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулардын өз ара сүйлөшө албагыдай болушу үчүн чараларды көрөт.
Эгерде көрсөтмөдө айрым сандарды жана маалыматтарды эстеп калуу кыйын болсо суралып жаткан адам жазууну колдонуп, документтерди карай алат. Ошондой эле суралып жаткан адамдын схема, чийме, сүрөт, диаграммаларды колдонушуна жол берилет.
Сурак кандай жүргөнү айтылбайт
Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган көрсөтмөлөрдү жайылтпоо жөнүндө суракка алынган адамдан кол койдуруп алууга укугу бар.
Биринчи сурактын протоколунда суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, анын ичинде аты-жөнү, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, билими, үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы, иштеген жери, иши же кызмат орду, жашаган жери жана башка зарыл болушу мүмкүн болгон маалыматтар камтылат. Ошондой эле мурда соттолгон-соттолбогону көрсөтүлөт.
Алгач суралып жаткан адам белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө айтып берет. Эгерде ишке такыр эле тиешеси жок маалыматтар жөнүндө айтса, ага бул тууралуу эскертүү берилет.
Эркин аңгемелешүүдөн кийин суралып жаткан адамга көрсөтмөлөрдү тактоого жана толуктоого багытталган суроолор берилиши мүмкүн. Ошондой эле суралып жаткан адам көрсөтмөсүн өз колу менен жазып берүүгө укуктуу. Ага кол койгондон кийин кошумча суроолор берилиши мүмкүн. Багыттама бергенге тыюу салынат. Көрсөтмөлөр суралып жаткан адамдан сөзмө-сөз жазылып алынат.
Сурак аяктагандан кийин протокол окуп чыгуу үчүн суралып жаткан адамга көрсөтүлөт же анын өтүнүчү боюнча окуп берилет. Суралып жаткан адамдын протоколго толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн жана видео жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн жана видео жазуу ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана күбөнүн өтүнүчү боюнча да колдонулушу мүмкүн.
Аудио же видео жазып алууларды колдонуу төмөнкүлөрдү суракка алуу учурларында милдеттүү болуп саналат:
Сурак бере турчу кишиге үн жана видео жазып алуулар жүргүзүлө турганы башында эскертилип, бүткөндөн кийин уктурулат. Аудио менен тасмада сурактагы бардык маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктары бар мурда суралган эки адамды беттештирүүгө укуктуу.
Беттештирүүгө эксперт, жактоочу, педагог, психолог, врач, котормочу жана суракка алынуучунун мыйзамдуу өкүлү катыша алат.Беттештирүүдө суракка алынуучулардын бирөөсүнүн эле жашы жете элек болсо ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү катышат. Ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакыртылат. Жашы жете элек күбөнүн же 14 жашка чейинки курактагы жабырлануучунун катышуусу менен беттештирүү жүргүзүүгө психолог же педагог да келет.