Кытайдын желеги. Архивдик сүрөт

Кыргызстан Кытайга карызын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууда

109
(жаңыланган 21:54 24.12.2020)
Кыргызстан карыздарды төлөө мөөнөтүн жылдырганы үчүн жалпы жонунан кошумча эки миллион доллар төлөп калышы ыктымал экени белгиленди.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө мөөнөтүн узартуу жаатындагы сүйлөшүүлөр боюнча финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков айтып берди. Ал "КР бюджетинин дефицити: пенсияны төлөө жана мамлекеттик карыз боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө" аттуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.

Кармышаковдун айтымында, сөз 35 миллион доллар жөнүндө болуп жатат.

"Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз жыл аягына чейин 35 миллион доллар боюнча кырдаалды тактайбыз. Алдыдагы эки жыл аралыгында келишим ишке ашып калса, Кыргызстан кошумча 1,7 миллион доллар төлөп бериши керек болот. Бул көрсөтүлгөн сумманын эки пайызы. Келерки жылга жеңилдетүү берилет. 2022-жылдан 2024-жылга чейин биздин мамлекет карызын төлөй баштайт", — деди министрдин орун басары.

Аткаминер ошондой эле Кыргызстан карыздарды төлөө мөөнөтүн жылдырганы үчүн жалпы жонунан кошумча эки миллион доллар төлөп калышы ыктымал экенин белгиледи.

"Кытай боюнча бул сумма жогоруда айткандай 1,7 миллион долларды түзөт. Башка мамлекеттер дагы бар, алардын дисконттук коюмдары 1-3 пайызды түзөт. Бул анча чоң эмес суммалар", —  деп кошумчалады ал.

Карызды төлөө мөөнөтүн узартуу менен үнөмдөлгөн каражаттын суммасын айтуу азырынча эрте экени белгиленди.

"Үнөмдөлгөн акчанын суммасын келишим ишке ашкандан кийин гана айтса болот. Кытай менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. Ошентсе да болжол менен 4 миллиард сом калышы мүмкүн. Анын бир бөлүгү бюджет тартыштыгын жабууга кетет", — деди Кармышаков.

Министрдин орун басары карызды төлөө маселеси боюнча Кытай эле эмес, башка мамлекеттер менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

109
Тема боюнча
Кыргызстанга берилчү 100 млн. долларлык кредит эмне болду. Министрликтин жообу
ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташуусуна Кыргызстан ортомчу болуп бере алат
Казакстандын медициналык кызматкерлери. Архив

Казакстанда COVID боюнча абал курчуп бара жатат. Алты аймак кызыл зонага кирди

80
(жаңыланган 10:23 20.01.2021)
Вирустун күчөп бара жатканынан кызыл зонага алты аймактын кириши далилдеп турат. Бир нече күн мурда бул тизмеде үч гана регион бар болчу.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстанда коронавирус боюнча абал курчугандан курчуп бара жатат. Өткөн суткада 1 134 кишиден вирус аныкталып, 11 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Салыштыруу үчүн айта кетсек, кечээ коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылганы билинип, тогуз адам көз жумган.

Вирустун күчөп бара жатканынан кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат. Бир нече күн мурда бул тизмеде үч гана дубан бар болчу.

"Айрым аймактарда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Дем алыш күндөрү сыртка чыгууга тыюу салынып, кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө жиберилди", — деп айтылат кабарда.

Негизи Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун эң жогорку көрсөткүчтөрү март айынын аягына туш келет деп күтүп жатат. Адистердин алдын ала божомолуна караганда, бул учурда эң аз дегенде суткасына үч миң кишиден, абал оор дегенде тогуз миң кишиден вирус аныкталышы мүмкүн.

Мындан улам коңшулар жарандарын "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк, тагыраагы, февралда баштай турган болду.

80
Белгилер:
абал, Казакстан, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди
Казакстанда "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк баштамай болушту
Жолдо турган жүк ташыган унаалар. Архивдик сүрөт

Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды

80
(жаңыланган 12:56 19.01.2021)
Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Навигацияны колдонгон айдоочуларды жолдо кошумча текшерүүгө жол берилбейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

80
Белгилер:
долбоор, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим
Эл аралык аэропортто COVID-19га текшерүүдөн өткөндөн кийин жүргүнчү. Архив

23-январдан тарта Кыргызстанга чет өлкөдөн киргендердин ПЦР-анализи болушу керек

0
Өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.

БИШКЕК, 20 янв — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-январынан тарта өлкөгө авиатранспорт аркылуу келген кыргызстандыктар үчүн акыркы 72 саат ичиндеги ПЦР-анализи терс чыккан маалымдамалары сөзсүз болушу керек. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүн алдын алуу максатында текшерүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди.

"Эл аралык каттамдарды ишке ашырууда аба кемесинин бортундагы жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлөт. Келген учурда анкеталар санитардык-карантиндик посттордун кызматкерлерине берилет. Аэропортто дене табын өлчөө, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптарынын сакталышы, ПЦР-иликтөөсүнүн бар-жогу текшерүүгө алынат. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат", — деп айтылат маалыматта.

ПЦР-тесттин мөөнөтү учуу узактыгына, же авиакаттамдын кармалуусу сыяктуу объективдүү себептерден улам өтүп кетсе (72 саат), жарандар аэровокзалдан ПЦР-иликтөөдөн өтүүгө тийиш болот.

Кыргызстандын чек арасын автомобилдик пунктулар аркылуу кесип өтүүдө акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЦР-анализи терс чыккан маалымдама суралат. Ошондой эле дене табы өлчөнүп, санитардык ченемдердин жана социалдык обочолонуу талаптардын сактылышы текшерилет. Клиникалык көрсөткүчтөр байкалган учурда ооруканага жаткырылат. Байланышта болгон жактар анкета толтуруп, обочолонууга жөнөтүлөт.

0
Белгилер:
штамм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
ДССУ: апта ичинде COVID илдетинен өлгөндөр боюнча рекорд жаңыланды
Бишкекте эки киши каза таап, жалпы 162 адам СOVID жуктурду. Акыркы маалымат