БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Казакстандын Алматы калаасында Жаңы жылга карата Аяз ата менен Аяз кызды үйгө чакырууга тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Казакстандын Telegram каналына жарыяланды.
Казакстандын эң ири шаары коронавирус пандемиясынан улам бийликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Ал эми Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин Жаңы жылда үйгө чакырылган коноктордун саны 10 адамдан ашпашы керектигин билдирген.
Кечээки күнгө, 24-декабрга карата коңшу өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 149 462ге жеткен. Илдеттен улам 2 196 адам жашоо менен кош айтышкан.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.
Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.
Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.
БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россия пандемиянын мизин кайтара турган препарат тапты. Батышта россиялык илимге наадандык менен мамиле кылуу бар деп жазган Sputnik франциялык Monde diplomatique басылмасына шилтеме кылып.
Макаланын автору Федерико Кусконун пикирине таянсак, Батыш орустардын медицинасынан кабары жок болгондуктан "Спутник V" вакцинасынын чыгышын кайдыгерлик жана сындаган ар кыл пикирлери менен тосуп алды.
"Маданий, саясий, тилдик абдан эле чоң айырмачылыктан улам алар россиялык демилгелерди шектенүү менен кабылдашат", – деп белгиледи журналист.
Ал препаратты иштеп чыгуу Россиядагы олуттуу илимий тарыхый чынжырчанын жыйынтыгы болгондугун айткан. Анткен менен батыштык "жомокчулар" россиялык илимий жетишкендиктерди жылдап танып келишкен, эми вакцинанын жасалышына да таң калып турган кези.
"Фармацевтик лабораториялар өзүнүн дарыларын асмандаган баада таңуулаган АКШдан, Евробиримдиктен айырмаланып, Россия акчанын артынан куубайт", – деп жазган Куско.
Журналисттин пикирине караганда, азыр ар кыл мамлекеттерде жайылтылып жаткан "Спутник V" дарегине болгон шектенүүлөрдү 50 жылдан кийин эч ким эстебейт.