БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Мамлекет башчысы өлүм жазасынын күчүн жоготууга багытталган жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыга Экинчи факультативдик протокол тууралуу мыйзамга кол койду", – деп жазылат Акорда сайтында.
Бир гана өзгөчөлүк — бул согуш мезгилинде өлүм жазасы. Мындай жаза адам согуш мезгилинде аскердик жаатта өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылгандан кийин гана колдонулат.
Казакстанда 2003-жылы өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген. Акыркы мындай жаза ошол эле жылы аткарылган. Андан кийин өлүмгө өкүм кылынган 100дөн ашуун адам өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ага өлүм жазасын алып салууга багытталган экинчи факультативдик протокол 1989-жылы 15-декабрда кабыл алынып, 1991-жылы документ күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө 88 мамлекет аталган келишимдин мүчөсү.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Казакстан жарандарын "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк, тагыраагы, февралда баштай турган болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан саламаттык сактоо министри Алексей Цойго таянып жазды.
Мурдараак Медициналык жана фармацевтик көзөмөл боюнча комитет жетекчисинин орун басарынын милдетин аткарып жаткан Нурлыбек Асылбеков коронавируска каршы эмдөө февралдын аягында башталарын айткан эле.Ошентип 1-февралдан тарта элдин вакцина алышы керек деген катмарына препарат сайыла баштаары белгилүү болду.
Министрдин айтымында, биринчи жарым жылдыкта 2 миллион жаран, экинчи жарым жылдыкта 3-4 миллион казакстандыктын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү пландалууда.
Биринчи этапта жугуштуу илдеттер боюнча ооруканада, Тез жардамда иштегендер, санитардык эпидемиологиялык жана медициналык ар кыл кызматтагылар, педагогдор, студенттер, өнөкөт оорусу барлар вакцина алмакчы.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.
Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.