БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Ушул жуманын аягы, 10-январда, Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына (мажилис) депутаттарды шайлоо өтөт. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
Шайлоодо төмөнкү беш партия ат салышат:
Казакстандын Конституциясы боюнча мажилистин курамы 107 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жаңы мажилис келгенден кийин премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү дайындалат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Казакстанда COVID-19 боюнча абал ого бетер курчуп, ооругандардын саны улам өсүп бара жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Өткөн суткада 1 430 кишиден вирус аныкталып, 13 бейтап каза болду", — деп айтылат кабарда.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 19-январь күнү коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылып, тогуз адам көз жумган. Эртеси күнү эле жуктургандардын саны 1 134кө чыгып, 11 адам каза болгон.
Вирустун күчөп бара жатканын кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат.
Ал эми Тажикстан эпидемиологиялык абал турукташып бара жатканын айтууда. Мындан улам өлкөнүн Республикалык штабы 1-февралдан тарта мечиттерге массалык түрдө барып, жума намаз окууга уруксат берди.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча статистиканы жарыялабай калды. Бирок расмий түрдө кат жолдоп сурагандарга берет. Жон Хопкинс университети билдирген маалыматка караганда, бул коңшу мамлекетте вирус жугузгандардын саны 78 219га жетти. Алардын ичинен 620 киши көз жумду.
Айрым ЖМКлар Кытайда кайрадан коронавирус көбөйүп жатканын айтууда. 21-январдагы маалыматка караганда, өлкө ичинде COVID жуктурган 144 киши аныкталды. Алардын ичинен 18 учур башка өлкөдөн кирген адамдарга тиешелүү.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы балдар үчүн кинофильмдин сценарийине сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, арыздар "Кыргызфильм" киностудиясынын электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.
Сценарийдин тиркемесине төмөнкүлөр кирет:
"Сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынат. Ал эми тиркемелери менен өзү кыргыз тилинде жазылышы шарт. Жеңүүчүлөрдүн эмгеги киностудиянын расмий сайтына жарыяланат", — деп айтылат маалыматта.
Мыкты эмгектин ээсине 100 000 сом гонорар төлөнүп бериле турганы кошумчаланды.