БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстанда социалдык тармактарда койдун суукка тоңуп өлгөн видеосу тарады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.
Кадр Алматы облусунун аймагында тартылган. "2021-жылдын биринчи айынын алтынчы күнү. Жансугурда кой ордунда тоңуп калыптыр", — деп айтат видеону тарткан автор.
Казгидрометборбордун маалыматы боюнча, 5-6-январь күндөрү Алматы облусунун аймагында чынында эле катуу суук болгон.
Түнкүсүн термометр –30...–32 градусту көрсөткөн. Ал эми айрым аймактарда -35 градуска чейин суук болгон.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри болуп кайрадан Аскар Мамин дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Маминди өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кеткен. Казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон.
Добуш бербей койгон депутаттардын бардыгы "Ак Жол" менен Казакстан Элдик партиясы болду. Маминди Nur Otan партиясынын 78 өкүлү колдоп берген. Мажилисте ушул үч партиянын гана депутаттары бар.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин Nur Otan фракциясындагы партиялаштарына кайрылып, эгер мамлекет башчысы талапкерлигин сунуштаса, Маминди колдоп коюуга чакырган.
Аскар Мамин 2019-жылдын февраль айында Казакстандын премьер-министри болуп дайындалган.
БИШКЕК, 15-янв. – Sputnik. Казакстан өкмөтү парламенттик шайлоодон кийин отставкага кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кетиши зарыл. Ал эми казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон. Эми парламенттик көпчүлүк кайрадан өкмөттүн курамын аныктайт. Ага чейин азыркы курам милдетин аткарып турмакчы.Эске салсак, Аскар Мамин башында турган министрлер кабинети туура эки жыл иштеди.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.