БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев телеканалдардын бирине маек куруп, анда сүйүү, аял, мамиле тууралуу жеке суроолорго дагы жооп берди. Андагы урунттуу учурларды Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Журнулист ага "азыр сүйүп калууга даярсызбы?" деген суроо берген.
"Жүрөктү туйлаткан сүйүү — мен бул нерсени башымдан өткөргөм. Мен эле эмес, жаштардын деле баш кошкондон кийин сүйүүлөрү тарап, бири-бирине сый-урмат пайда болот. Чогуу өткөргөн жылдарын баалап, сүйүүлөрү достукка айланат. Мындай убактардан өттүм. Ошентсе да кээде мени бирөөнү сүйүп калыптыр деген кептерди угуп калам. Комплимент үчүн рахмат! Менин курагымдагы кишиге мындай сөздөр комплимент болбой эмне. Рахмат", — деп жооп берген Назарбаев.
"Аялзаты ар кандай болот. Бири — сулуу, келишимдүү. Экинчиси — үй-бүлө курууга ылайыктуу. Алар мээримдүү, камкор келет. Сага жардам берип, колдоп турат. Башкача айтканда, аны менен мамилеңде эч нерсени жаап-жашырбайсың. Үчүнчүсү менен башкача мамиле, өтө жакындык. Албетте, бул сезимдердин бардыгы бир аялда кезиксе өтө жакшы", — деди биринчи президент.
Сөзүнүн аягында Назарбаев аял менен күйөөнүн ортосунда эң негизгиси ишеним, сый жана сүйүү болушу керектигин кошумчалаган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Казакстанда COVID-19 боюнча абал ого бетер курчуп, ооругандардын саны улам өсүп бара жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Өткөн суткада 1 430 кишиден вирус аныкталып, 13 бейтап каза болду", — деп айтылат кабарда.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 19-январь күнү коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылып, тогуз адам көз жумган. Эртеси күнү эле жуктургандардын саны 1 134кө чыгып, 11 адам каза болгон.
Вирустун күчөп бара жатканын кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат.
Ал эми Тажикстан эпидемиологиялык абал турукташып бара жатканын айтууда. Мындан улам өлкөнүн Республикалык штабы 1-февралдан тарта мечиттерге массалык түрдө барып, жума намаз окууга уруксат берди.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча статистиканы жарыялабай калды. Бирок расмий түрдө кат жолдоп сурагандарга берет. Жон Хопкинс университети билдирген маалыматка караганда, бул коңшу мамлекетте вирус жугузгандардын саны 78 219га жетти. Алардын ичинен 620 киши көз жумду.
Айрым ЖМКлар Кытайда кайрадан коронавирус көбөйүп жатканын айтууда. 21-январдагы маалыматка караганда, өлкө ичинде COVID жуктурган 144 киши аныкталды. Алардын ичинен 18 учур башка өлкөдөн кирген адамдарга тиешелүү.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.
"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.
Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.