Коңшу Казакстанда дагы шайлоо өтүп жатат

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүВыборы в Сенат Казахстана
Выборы в Сенат Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Конституциясы боюнча мажилистин курамы 107 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоочулардын саны 11 миллиондон ашат.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына (мажилис) депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
Шайлоодо төмөнкү беш партия ат салышат:
  • Nur Otan партиясы;
  • "Ак жол" Казакстан демократиялык партиясы;
  • Казакстан элдик партиясы (мурдагы коммунисттер);
  • "Айыл" элдик-демократиялык партиясы;
  • "Адал" саясий партиясы.
Алар парламенттин мажилисине кирүү үчүн 7 пайыздык шайлоо босогосунан өтүшү керек.
Казакстандын Конституциясы боюнча мажилистин курамы 107 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жаңы мажилис келгенден кийин премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү дайындалат.
Добуш берүү учурунда аял - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы шайлоо участогу түндө Южно-Сахалинскиде ачылды
107 депутаттын 98и партиялык тизме менен шайланат. Калган тогуз мандат Казакстан элинин ассамблеясы шайлаган депутаттарга таандык болмокчу. 11-январда аталган ассамблеянын депутаттарын шайлоо башталат.
Республикада 10 060 шайлоо участкасы бар, анын 66сы чет өлкөлөрдө жайгашкан. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын саны 11 миллион 919 миң 241 адамды түзөт.
Ал эми Кыргызстанда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасы тандала турган референдумга добуш берүү кандай жүрүп жатканын Sputnik маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0