БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Казакстандын өкмөтү парламенттик шайлоо аяктаары менен отставкага кетет. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Биздин мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоодон кийин өкмөт отставкага кетиши зарыл. Добуш берүү соңуна чыккан соң жаңы депутаттар менен премьер-министрликке, өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлер боюнча сүйлөшөм. Бардыгын тез арада бүтүрөбүз деп ишенем", — деди Токаев.
Ошондой эле өлкө башчы 15-январь күнү парламентке барып, мажилистин жаңы депутаттарына кайрылуу жасай турганын кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Казак парламенти эки палатадан (Сенат жана Мажилис) турат. Экөөндө биригип 156 эл өкүлү бар, алар беш жылга шайланат.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул туурасында "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган.
Луговой — Балыкчы темир жол бөлүгү Кыргызстанды Казакстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган негизги транспорттук артерия болуп саналары белгиленет. Секция бир жолдуу, эксплуатациялык узундугу 321,5 чакырымды түзөт. Анын 60,3 чакырымы Казакстанга, 261,2 чакырымы Кыргызстанга туура келет. Луговой станциясы коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунда жайгашкан.
"Луговой — Балыкчы участогун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруу темир жол каттамынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле отунга болгон көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булгануусун төмөндөтөт. Электрлештирүүгө жумшалган каражат эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен төлөнөт. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана темир жол участкасын электрификациялоону ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын тартуу пландалууда", — деп жазылат токтом долбоорунда.
Луговой — Балыкчы участогу электр тартууга өткөндө жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу тепловоздор паркы электровоздор менен алмаштырылат.
"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоорун 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат булагы табылганы айтылды. Ал эми долбоордун өзүн аткарууга "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражаты, насыялар жана инвестициялар менен алуу каралган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Жума күнү Рахмон уулу менен университеттеги жети кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышына катышкан. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.
Ушул эле корпуста өлкө президенти — улут лидери Эмомали Рахмондун музейинин ачылышы болгон.
Музей Тажикстандын улуттук университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекет башчысынын эмгегин жаштарга эске салып туруу үчүн түзүлгөнү айтылат.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Новиков быйыл жазгы талаа жумуштарын уюштуруудагы даярдыкка жылдагыдай мамиле жасалбашын белгилеген.
"Агроөнөржай комплексин өнүктүрүүдө жаңы кадамдар керек. Эт, сүт, интенсивдүү багбанчылык, балык уулоо жана мөмө-жемиштерди өстүрүү багыттары боюнча кооперацияларды түзүү керек. Биздеги климат айрым өсүмдүктөрдөн жылына эки ирет түшүм алууга мүмкүндүк берет. Өнөктөштөрдүн жардамы менен ишке ашырчу долбоорлор бар. Быйыл айдоо аянттарын 6,5 миң гектарга көбөйтүү маселеси каралып жатат. Жыл сайын 50 миң гектар жер иштетилбей каларына көңүл буруу керек. Ал үчүн ирригация объектилерин текшерип, суу ресурсунун көлөмүн эсептеп чыгуу зарыл. Ойлонуп отурууга убакыт жок, анткени жазгы талаа иштеринин башталарына аз эле убакыт калды", — деди Новиков.
Кеңешменин жыйынтыгында Айыл чарба министрлигине февралдын башына чейин бир катар тапшырмалар берилген. Алар: