БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Алматы шаарында митингге чыккандарды полиция кызматкерлери кармап кетүүдө. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлаган.
Окуянын видеосу Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.
Маалым болгондой, бул боюнча ИИМ эч кандай комментарий берген эмес.
Өлкөнүн жаңы аянтында "Казакстандын демократиялык партиясы" жана Oyan, Qazaqstan кыймылынын өкүлдөрү митингге чыгып, лозунгдарын көтөрүп алып шайлоого бойкот жарыялоого чакырышкан. Бирок аларды полиция кызматкерлери курчап алган.
Ага чейин эки топтун өкүлдөрү бири-бири менен урушуп, мушташа кетишкен. Чырдашкандарды тартип сакчылары убагында токтотуп калып, митингдин активдүү катышуучуларын полиция участогуна алып кетишкен.Буга чейин акимиаттын өкүлдөрү элди уруксат берилбеген митингдерге катышпоого чакырып, эгер мындай учур катталса, алар административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскерткен.
Белгилей кетсек, бүгүн Казакстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Казак парламенти эки палатадан (Сенат жана Мажилис) турат. Экөөндө биригип 156 эл өкүлү бар, алар беш жылга шайланат.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстанда коронавирус боюнча абал курчугандан курчуп бара жатат. Өткөн суткада 1 134 кишиден вирус аныкталып, 11 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, кечээ коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылганы билинип, тогуз адам көз жумган.
Вирустун күчөп бара жатканынан кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат. Бир нече күн мурда бул тизмеде үч гана дубан бар болчу.
"Айрым аймактарда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Дем алыш күндөрү сыртка чыгууга тыюу салынып, кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө жиберилди", — деп айтылат кабарда.
Мындан улам коңшулар жарандарын "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк, тагыраагы, февралда баштай турган болду.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.