БИШКЕК, 11-янв. – Sputnik. Казакстанда өткөн парламенттик шайлоо жыйынтыкталып, Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы (НПК) алдыга чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан сайты жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Nur Otan 71,97 пайыз добуш алып, алдыга озду. "Ак Жол" демократиялык партиясы 10,18 пайыз добуш менен экинчи орунга чыкса, үчүнчүдө 9,03 пайыз добуш алган Казакстан Элдик партиясы келе жатат.
"Ауыл" элдик-демократиялык партиясы 5,75, "Адал" саясий партиясы 3,07 пайыз добушка ээ болушкан.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өзү башында турган Nur Otan партиясын шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганын РИА Новости жазды.
Эми мажилисте Nur Otan партиясына 84 депутаттык мандат, "Ак Жол" партиясына жети жана Казакстан Элдик партиясына жети мандат берилет. Мындан сырткары, мажилиске Казакстан элдеринин ассамблеясынан тогуз өкүл кирет.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Казакстанда COVID-19 боюнча абал ого бетер курчуп, ооругандардын саны улам өсүп бара жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Өткөн суткада 1 430 кишиден вирус аныкталып, 13 бейтап каза болду", — деп айтылат кабарда.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 19-январь күнү коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылып, тогуз адам көз жумган. Эртеси күнү эле жуктургандардын саны 1 134кө чыгып, 11 адам каза болгон.
Вирустун күчөп бара жатканын кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат.
Ал эми Тажикстан эпидемиологиялык абал турукташып бара жатканын айтууда. Мындан улам өлкөнүн Республикалык штабы 1-февралдан тарта мечиттерге массалык түрдө барып, жума намаз окууга уруксат берди.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча статистиканы жарыялабай калды. Бирок расмий түрдө кат жолдоп сурагандарга берет. Жон Хопкинс университети билдирген маалыматка караганда, бул коңшу мамлекетте вирус жугузгандардын саны 78 219га жетти. Алардын ичинен 620 киши көз жумду.
Айрым ЖМКлар Кытайда кайрадан коронавирус көбөйүп жатканын айтууда. 21-январдагы маалыматка караганда, өлкө ичинде COVID жуктурган 144 киши аныкталды. Алардын ичинен 18 учур башка өлкөдөн кирген адамдарга тиешелүү.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун "британдык" штаммы кадимки SARS-CoV-2ге салыштырмалуу адам өлүмүнө көп алып келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Брифингде айтылган маалымат боюнча, коронавирус жуктурган 1000 кишинин ичинен 10у каза тапса, вирустун мутацияланган түрүндө 13-14 бейтап акка моюн сунган. Азыр Улуу Британия сутка ичинде COVID-19дан көз жумгандардын дүйнөлүк статистикасында биринчи орунда турат.
Ошол эле учурда Жонсон өлкөдө колдонулуп жаткан Pfizer жана AstraZeneca вакциналары жаңы штаммга оң таасирин тийгизерине ишендирген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Жонсондун айткандары боюнча үн катып, коронавирустун "британдык" штаммында өлүмдүн көп болушу саламаттык сактоо системасына күч келгенине байланыштуу экенин айткан.
"Вирус бат тарагандыктан эл көп ооруй турганы белгилүү. Анан ооруканалар да жык толот. Дарыгерлер бирине жетишсе, экинчисине жетишпейт. Натыйжада саламаттык сактоо системасына күч келип, өлүмдү азайта албай калышат", — деген ДССУ өкүлү Ван Керкхове.
Коронавирустун жаңы түрү — VUI-202012/01 тууралуу 14-декабрда Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок айтып чыккан. Ал SARS-CoV-2 вирусуна салыштырмалуу адамдан адамга өтө тез жугары айтылган. Коронавирустун бул штаммы азыр 60тан ашык мамлекетте катталды.