БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Алматыда дүйнө тарыхында көлөмү боюнча экинчи болгон контрабандалык баңгизат жок кылынды. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлигинин финансылык мониторинг комитетинин маалымат кызматына таянып Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары 1,1 тонна героинди жок кылышкан. Баңгизат ташуучу трансулуттук каналды жок кылуу боюнча атайын операция Германия полициясынын Криминалдык бажы кызматы менен биргеликте, ошондой эле Россия, Беларусь, Литва, Польша жана Нидерланд өлкөсүнүн күч органдары жана Бажы кызматтарынын көмөгү менен жүргүзүлгөн.
"2019-жылдын октябрь айында Казакстандын аймагына "иштетилген мрамор" алып келинген. Нидерланд өлкөсүнө жөнөтүлгөн жүктү текшерүү учурунда тергөөчүлөр 2 208 даана брикеттелген героин табышкан. Кылмыштуу топ товарды транзит аркылуу Ирандан Европа өлкөлөрүнө ташууну пландаштырган", — деп айтылат маалыматта.
Жүк кылдат көзөмөлдүн астында комитеттин ыкчам кызматкерлеринин коштоосу менен Германияга алып келинген. Ал жерден героинди кабыл алып жатып түрк жарандары кармалган.
Буга чейин ЖМКлар тарыхта эң ири көлөмдөгү баңгизат 2007-жылы АКШда жок кылынганын жазышкан. Анын салмагы 1,3 тоннаны түзгөн. Полиция аны Сан-Францискодогу каралбай калган шаардык пляждан тапкан. Анын болжолдуу баасы эки миллиард доллар деп бааланган. Контрабандалык жүктүн ээси табылган эмес.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы Япония элчилигинин MIRAI-2021 сынагына катышуучулар кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.
Программа 20 жаштан 30 жашка чейинки жаш, иштеп жаткан юристтерге (юрист, жактоочу, мамлекеттик кызматкер же укуктук тармактагы документтер менен иштеген бизнесмендер) сунушталат. Ошондой эле сынакка юридикалык адистикке кызыкдар болгон студенттер жана аспиранттар, мамлекеттик жана бизнес тармагындагы юриспруденцияга кызыккандар катыша алат.
Документтерди 2021-жылдын 12-февралына (саат 16:00) чейин Мамлекеттик кадр кызматына тапшыруу керек. Катышуучуларды япон тарап тандап алат.
"Сынактан өткөн жарандар Японияда 8-июндан 16-июнга чейин болушат. Бирок бул болжолдуу дата, ал өзгөрүп кетиши дагы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Программа боюнча толук маалыматты Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтынан окууга болот.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын 118 киши жуктурду, ал эми 155 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Жалпысынан 83 703 кишиден коронавирус аныкталган.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Айыккандардын жалпы саны 79 664 болду.
Тилекке каршы, акыркы суткада коронавирустан Чүйдө жана Ысык-Көлдө эки бейтап көз жумду. Пандемия ушуну менен 1 396 кишинин өмүрүн алды.Стационарда 697 дарыланууда. Анын үчөөнүн абалы канааттандырарлык, 442 орточо, 219у оор, ал эми 33ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 017 бейтап бар.