БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Nur Otan партиясынын саясий бюросунун Алматы шаарындагы филиалынын кеңеши бекиткен маслихаттын 29 депутатынын ичинде 21 жаштагы шахматчы кыз Жансая Абдумалик бар. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Эми аны аймактык шайлоо комиссиясы катташы керек. Жансая Абдумалик эки күн мурда, 12-январда, 21ге толду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Жансаяны 2019-жылы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөнүн мыкты шахматчысы деп аташкан. Ал Казакстандын шахмат оюнунун тарыхындагы биринчи окуя болгон.
Спортчу бул оюн менен 14 жашынан алектене баштап, Казакстандын эң жаш гроссмейстери болгон. Азыр анын куржунунда республикалык, дүйнөлүк турнирлердин көп байгелери бар.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Анткен менен социалдык тармакта Жансаянын маслихатка келиши боюнча ар кыл пикирлер айтылууда.
Бир тобу кызды аяшса, бир тобу бюрократтардын катарында отурбай, келечегин шахматтан издеши керек деп жазды. Ал эми дагы бир интернет колдонуучу "куурчак ойной турган куракта экен" деген пикирин калтырган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Казакстанда 10-январда парламенттин мажилисине (төмөнкү палата) шайлоо болуп, беш партиянын ичинен үчөө өттү. Алар Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстандын элдик партиясы.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул туурасында "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган.
Луговой — Балыкчы темир жол бөлүгү Кыргызстанды Казакстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган негизги транспорттук артерия болуп саналары белгиленет. Секция бир жолдуу, эксплуатациялык узундугу 321,5 чакырымды түзөт. Анын 60,3 чакырымы Казакстанга, 261,2 чакырымы Кыргызстанга туура келет. Луговой станциясы коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунда жайгашкан.
"Луговой — Балыкчы участогун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруу темир жол каттамынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле отунга болгон көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булгануусун төмөндөтөт. Электрлештирүүгө жумшалган каражат эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен төлөнөт. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана темир жол участкасын электрификациялоону ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын тартуу пландалууда", — деп жазылат токтом долбоорунда.
Луговой — Балыкчы участогу электр тартууга өткөндө жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу тепловоздор паркы электровоздор менен алмаштырылат.
"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоорун 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат булагы табылганы айтылды. Ал эми долбоордун өзүн аткарууга "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражаты, насыялар жана инвестициялар менен алуу каралган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Жума күнү Рахмон уулу менен университеттеги жети кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышына катышкан. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.
Ушул эле корпуста өлкө президенти — улут лидери Эмомали Рахмондун музейинин ачылышы болгон.
Музей Тажикстандын улуттук университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекет башчысынын эмгегин жаштарга эске салып туруу үчүн түзүлгөнү айтылат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда казинолордун ишине уруксат берүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер депутаттар Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков болгон. Алар долбоор өлкө экономикасына салым кошуу, туристтик тармакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыкканын жазышкан.
2012-жылдын 1-январында Кыргызстанда кумар оюндарынын ишине тыюу салган мыйзам күчүнө киргенин белгилеп өтүшкөн.
"Кумар оюндарынын катышуучусу чет мамлекеттин жараны болуп саналат", — деп белгиленген долбоордун негиздемесинде.Демилгечилер кумар оюндарынын ишине тыюу салуу мамлекеттик бюджетти бир жылда 600 миллион сом жоготууга, ошондой эле 11 миңден ашык жумушчу орундарынын жабылышына алып келгенин айтышкан.
Казино "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен курулушу болжолдонгон.
Мыйзам долбоору менен кененирээк шилтеме аркылуу таанышууга болот.