Казакстанда COVID боюнча абал курчуп бара жатат. Алты аймак кызыл зонага кирди

© Sputnik / Абзал Калиев / Медиабанкка өтүүКазакстандын медициналык кызматкерлери. Архив
Казакстандын медициналык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустун күчөп бара жатканынан кызыл зонага алты аймактын кириши далилдеп турат. Бир нече күн мурда бул тизмеде үч гана регион бар болчу.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстанда коронавирус боюнча абал курчугандан курчуп бара жатат. Өткөн суткада 1 134 кишиден вирус аныкталып, 11 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, кечээ коңшу өлкөдө 999 киши коронавируска кабылганы билинип, тогуз адам көз жумган.
Вирустун күчөп бара жатканынан кызыл зонага алты аймактын (Нур-Султан шаары, Акмоло, Атырау, Костанай, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустары) кириши далилдеп турат. Бир нече күн мурда бул тизмеде үч гана дубан бар болчу.
"Айрым аймактарда карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Дем алыш күндөрү сыртка чыгууга тыюу салынып, кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө жиберилди", — деп айтылат кабарда.
Pfizer вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр: КР Pfizer вакцинасын албай калды, Россиядан 500 миң доза күтүп жатабыз
Негизи Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун эң жогорку көрсөткүчтөрү март айынын аягына туш келет деп күтүп жатат. Адистердин алдын ала божомолуна караганда, бул учурда эң аз дегенде суткасына үч миң кишиден, абал оор дегенде тогуз миң кишиден вирус аныкталышы мүмкүн.
Мындан улам коңшулар жарандарын "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк, тагыраагы, февралда баштай турган болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0