Бир мүнөттө үйлөнө калып жумушка чыккан полиция кызматкери. Кытайдагы окуя

Жазылуу
Ишинен бошобогон полиция кызматкери сүйүктүүсүнө баш кошууга түшкү тамактануу учурунда убакыт таап келген.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.
Жаңылыктар түрмөгү
0