Февралда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Алматыда чогулат

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары жыйыны. Архив
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын чогулткан иш-чаралар коңшу Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0