БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Казакстан сулуусу – 2019" сынагынын катышуучусу Гүлнур Нуртаза Кызыл-Ордо шаарындагы кафелердин биринде идиш жууп иштеп жатат. Ал аргасыздан ушундай жумушка орношконун 365info.kz маалымат булагы жазды.
Интернетте сулуу наамын алган кыздын кафенин ашканасында сарымсак тазалап, идиш жууп иштеп жаткан видеосу тарады.
Видеону тартып жаткан адам ашканада иштеп жаткан 2017-жылы "Кызыл-Ордо сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү Гүлнур Нуртаза экенин белгилейт. Ал өзү да сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү экенин, учурда ушундай шарттагы жумушта иштеп жатканын айткан.
Гулнурдун тааныштары ал чынында эле оор тагдырды баштан кечиргенин, 19 жаштагы кыз ата-энесиз калгандан кийин колуна тийген жумуштарда иштеп жатканын айтышат. Эки жыл мурда атасы каза болсо, энеси эки ай мурда эле көз жумган.
Басылма Гүлнурдун сулуулугу анын жумушка орношуусуна кедергисин тийгизгенин: жетекчи-айымдар күйөөсүн азгырып кетет деп коркушса, ал эми эркек жумуш берүүчүлөр дароо эле интимдик мамилеге чакырышарын белгилеген.
Гүлнур 2017-жылы 17 жашында "Кызыл-Ордонун эң сулуу кызы" деген наамды жеңип алган. Эки жылдан соң сулуулардын улуттук конкурсуна катышкан.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты.
Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр.
"2022-жылдын аягына чейин 5G түйүнүн республикалык маанидеги башка шаарларга да киргизүүнү пландап жатабыз. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат. Биз тараптан мыйзам долбоору ишке кирет. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт. Мунун аркасында байланыш операторлору атаандаштыктын негизинде жыштыктарды алып колдоно баштайт", — деди вице-министр.
Ошондой эле ал жеке тараптар жыштыкты сатып алып эки жылга чейин колдонбосо, мамлекет аны тартып ала тургандай ченемдер киргизиле тургандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Сапардын статусу жана аны кимдер коштоп барары азырынча белгисиз.
Бул Жапаровдун чет мамлекетке үчүнчү сапары болмокчу. Буга чейин ал Россия менен Казакстанга барган. 27-февралда мамлекет башчы Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алган.
8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай жоокерлер өз апаларын, эжелерин айттырбай барып куттуктап, кубантышкан.
Энелердин жүрөгү элжиреп "силер бактылуу болсоңор, мен бактылуумун" деп алкап жатканын көрүүгө болот. Ал эми көчөдө баратып аскерлердин колунан гүл, открытка алган айымдар көңүлү көтөрүлүп рахматын айтышты.
"Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар, кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!" — деп жазылган маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Видео Ички иштер министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.