БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз азыктарын саткан базарда COVID-19дун жайылышына бардык шарттар жаралган, бирок бул вирус ошол жерде пайда болгон дегенди билдирбейт. Бул тууралуу РИА Новостиге ДССУнун Россиядагы тобунун эксперти Владимир Дедков билдирген.
2020-жылдын 1-январында Ухань шаарындагы жашылча-жемиш, деңиз азыктары жана жапайы куштардын эти сатылган "Хуанань" базары белгисиз оорунун чыккандыгына байланыштуу эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүгө жабылган. Илдетке алгач кабылгандар дал ушул жакта иштеген. Бирок илимпоздор азыркыга чейин базардын вирустун жайылышына ойногон ролу тууралуу бирдиктүү жыйынтыкка келе элек."Биз ал базарда болдук. Ал жактан вирус чыкты деп айтууга эч бир жүйөө жок, балким, башка жерден пайда болуп, анан базарда жайылгандыр. Эл соода кылган жайдан тараган деп айтууга шарттар бар. Себеби базар өзү кичинекей, кирип-чыгууга дагы тар экен. Албетте, санитардык тартип сактабаган жерден бардык оорулар жугат. Базардын азыр кебетеси кеткен, учурда жабык турат, түрттүрөбүз деп жатышат", — деген Дедков.
Учурда Кытайда ДССУ эксперттеринин эл аралык тобу COVID-19дун келип чыгышын иликтеп жатат. Адистер 14-январда Кытайдын Ухань шаарына келишкен, милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинде болушкан. 29-январдан тарта гана өз иштерин башташкан.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.
Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров Алимжанов кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошконун белгилеп, "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирген.
Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. Ал 1984-2004-жылдар аралыгында жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.
Казак манасчысынын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегин материалдан окуңуздар.
Боррелдин айтымында, бул Евробиримдиктеги демократияны каралоого жана эл аралык кызматташтыкты чабалдатууга багытталган. Бул тууралуу Ирина Алкснистин материалын РИА Новости жарыялады.
Боррель мизи али кайта элек пандемия шартында жалган жана жаңылыш ойго түрткөн маалыматтардын өтө кооптуулугун белгилеген. "Биз Кремлге ыктаган каналдардын бет кап тагынуунун кажети жоктугун айтканын, карантинге каршы козуткандарын көрдүк", — дейт ал.
Дипломаттын пикиринде, эми Москванын вакциналык дипломатиясы биринчи планга чыкты. Ал бир жагынан батыш препараттарын жана өндүрүшчүлөрүн каралоого тырышып, экинчи жагынан өздөрү өндүргөндөрүн даңазалап, активдүү таанытууга аракет кылууда.
Европада жаңы карантиндик катаал чаралар толкуну башталып туру. Финляндияда өзгөчө абал жарыяланып, Чехияда дүйнөдө илдет эң көп катталгандыгынан улам тургундарга жашаган райондорунан чыгууга тыюу салынган. Италияда да чектөөлөр күчөтүлдү.
Өз кезегинде дээрлик бир жылдан берки тыюу салуулар жана үйдө отургандан жадаган Европа калкы бийликтин бул чаралардын баары өз саламаттыгы үчүн деген аргументтеринин эч бирин уккусу келбей баратат. Массалык протесттер дээрлик бүт континентке жайылды.
Кырдаал ушунчалык татаал экенин мындан билиңиз, биримдиктин бекемдиги көз алдыбызда бириндөөдө. Чехия "Спутник V" вакцинасын алуу үчүн Россияга кайрылды, бул – өлкөнүн президенти жана премьер-министринин макулдашылган позициясы. Словакия андан да алдыга кетип, аркасынан Венгрия, Сербия жана башка өлкөлөрдүн европалык жөнгө салуучуну күтпөстөн россиялык препаратты тездетилген жол-жобо менен каттады.
Коронавирус боюнча кыйла татаал кырдаалдагы поляктар үчүн Россияга жардам сурап кайрылуу акылга сыйгыс, ошондуктан алар COVID-19га каршы вакцина жөнүндө Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.
Абал бир жыл мурунку окуяны эске салууда. Анда Европа биримдиги өзгөчө кырдаалда өзүнүн толук алсыздыгын көрсөтүп, анын мүчөлөрү курч каатчылыкка каршы өз алдынча күрөшүүгө мажбур болгон. Айырмасы – анда глобалдык масштабдагы күтүүсүз жагдай эле, бул чындап эле принципиалдуу түрдө маанилүү. Анын жүрүшүндө өзгөчө шарттарда ыкчам реакция зарыл учурда Брюссель аракетке жөндөмсүз экени айгинеленди.Бул, албетте, Европа үчүн жагымсыз ачылыш. Бирок ошол абалда ЕБдин дармансыздыгын актоого болбосо да, жок дегенде көйгөйдүн өтө күтүүсүздүгү жана глобалдуулугун түшүндүрүүгө болмок.
Азыр кырдаал алда канча башкараак. Пандемиядан улам күтүүсүздүктүн таасири басаңдаганда Евробиримдик кайрадан тирдене түшкөн. Анткени анын күчтүү деп саналган сапаттары, атап айтканда, стратегиялык пландоо, татаал процесстерди уюштуруу, каражаттарды топтоо жана бөлүштүрө билиши зарыл болду. Европалык бийликтин жакындагы эле аракеттеринде, маселен, экономиканы кайра калыбына келтирүү планынан дүйнө жүзүнө мындай коркунучтар менен күрөшүүнүн үлгүсүн көрсөтө тургандыгы боюнча убадасы байкалат. Көрсөтүштү. Анын натыйжасы маанилүү багыттардагы ийгиликсиз аракеттери болду.
Европа талдалган карантиндик стратегия өз башына муш болду, ал эми калкты эмдөө боюнча иш жагдайын сүрөттөө үчүн "кырсык" деген гана аныктама туура келет. Ошону менен катар мындай абалдын кейиштүүлүгүн мындан билиңиз, пандемия менен күрөшүүдө үлгү болгусу келген өлкөлөрдүн өзүндө абал Европадагыдан бир топ дурус.
Ал эми бардык нерсенин өзөгүндө европалык бийлик тарабынан кабыл алынган жаңылыш чечимдер. Бул Европа биримдигинин кадыр-баркына алапайын таппай калган бир жыл мурунку абалынан да катуу доо кетирет.
Ушундай жагдайда чыгыш европалык мамлекеттердин өз алдынча аракет этүүгө умтулганы түшүнүктүү. Алар, албетте, ЕБ курамында экинчи сапта турушарын жакшы билишет, ошондой эле коронавирус көйгөйүндө калдык принциби боюнча жардам алууга мажбур экенин билет. Натыйжада өз кезегин сабырдуулук менен күтүүдөн чарчаган өлкөлөрдүн саны улам арбып, анын ордуна алар Брюсселдин уруксатын албастан аракетке өттү. Брексит, ошондой эле өзгөчө шарттарда да Брюсселге кылчактабаган польшалык жана венгриялык бийликтин евроскептицизминин өрчүп баратышы Европа биримдиги үчүн анча жакшы көрүнүш эмес.Дээрлик алты жыл мурун Европа өзүнө миграциялык каатчылык уюштуруп, анын азабын бүгүнкү күнгө чейин тартып келет. Пандемияга каршы күрөш европалык саясатты дагы бир ийгиликсиздикке тушуктуруп, кыска эле мезгил ичинде оор кесепеттерге кептеген кыйла стратегиялык туура эмес эсептер менен жүргүзүлгөнүн көрсөттү.
Брюсселдин көйгөйдү сырттан европалык демократия жана шериктештикке доо кетирген душман издөөгө шылтоо менен өз катачылыктарын моюнга алуудан принципиалдуу түрдө баш тартышы бул маселелер менен эле токтоп калбастыгын кепилдейт.